Кээде шамалдай сызып мезгил менен жарышып, баарына үлгүргөнгө, жашоонун бардык ырахатын сезгенге аракет кылып жаным жай албайт. Кээде бүрүшкөн алмадай болуп эч нерсе көңүлүмө жакпай, эч нерсени каалабай, ааламдан көңүл жылытарлык кымындай нерсе таба албай бушайман болом. Андайда урунуп-беринип калмайым бар. Мындай учурда бир гана адам мага жардамга келет. Менин мендигиме түткөн, «нестандартный» кылыктарыма чыдап койгон, балким, мени өзүмдөн да жакшы түшүнгөн бир гана адам бар. Ал эч качан, эч бир кылыгымды «абсурд!» дебеди. Баары менин акылсыздыгыма жетип жатканда туура эмес көз караш менен да дилимди оорутпады. Ушуга чейин... Кечээ жакында гана «өзүң деле чоңоюп калдың, балким, жинди болгон ролуңдан чыгарсың?» деген сылык сунушту айтканда өлбөгөн төрт шыйрагым калып, жанынан кеткиче шаштым. Экинчи сенин тынчыңды албайм. Болгону, сага гана ал жиндилигимди, эркелигимди, мүмкүн, чыныгы жүзүмдү көрсөтсөм керек эле. Рахмат, жакшылыгыңа, токтоолугуңа, түтүмдүүлүгүңө...
Сен да менин эң бир жакшы, боорукер, адамгерчиликтүү адам экенимди айтасың. Арийне, сеники да туурадыр. Чындыгында, жаман адам эмесмин. Көңүлүмдөгү адам жолукса, жашоосун бейиш кылуу колумдан келет. Бир өмүр көңүлүн калтырбай сыйлап алышка күчүм жетет. Ошол гана адамды... Ал сезим менен тиреше берип алым куруп бүттү, чарчадым!
Ал тууралуу далай сөз кылдык. Сендеги мага болгон сезимди билип туруп өзүмдүн махабатымды сага айтканым, андан да жаманы, кеңеш сураганым – барып турган акмакчылык! Ал акмакчылыкты сен сезип эле турасың, бирок көтөрбөскө аргаң жок.
«Сага жинди эле адам үйлөнбөсө, менден башка соо адам үйлөнбөйт» деп тамашалап каласың. Бир ирет «мен сезимимди жел тийбеген, таш тийбеген, сөз тийбеген ыйык жерге каттым. Ага эч кандай сырткы шарт таасир бере албайт. Менин сүйүүм менде гана жашайт. Сен башканы жакшы көргөнүңдөн ал сезим бөксөрүп да, кичирейип да кетпейт. Ага кабатыр болбо, ал сезим өз ээсин табат» деп айткансың. Эмне кылат элем? Тымызын көз арттым, ошол сезимге ээ боло турган адамга. Эгерде жакшылыгыңды гана баалап, балким, аяп турмуш куруп алсам, эртең эмне болот? Сен мени ал кадамга жеткирбе! Азырынча сураганым ушул.
«Эркек менен аялдын ортосунда достук болбойт» дешет. Бирок мен биринчи жолу бул сөзгө каршымын! Көрсө, адамдар жөн гана жакын боло алышы мүмкүн экен.
Кээде акыл айткан атам, кээде боор тарткан агам, кээде сырдашкан досум, кээде... Карачы, мен үчүн канча жүзүң бар сенин! Бирок сени бошотууга аргасызмын. Менден кам санаба. Мен, сен айткандай, чоңоюп калбадымбы...
Сезим
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg