Түрк сериалдары учурда абдан популярдуу. Бир топ жарандарыбызды арбап алгандыгы да чындык. Бул ирет «Барксыз өткөн өмүр» тасмасын сунуштайбыз. Сериал Түркияда тартылган бардык тасмаларды рейтинги боюнча басып өтүп, учурда биринчи орунду ээлеп алган кези.
АКАРСУ ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ОКУЯ
Сериал 1967-жылдары Акарсу үй-бүлөсүнүн тегерегинде болгон окуяны баяндайт. Баш каарман – капитан Али, чындыгында, өз ишинин чебери жана эл арасында кадыр-барктуу адам. Бирок үй-бүлөдө өтө зулум, таш боор ата, каардуу күйөө. Жубайы Жамилеге гана кол көтөрүп тим болбостон, балдарына да мыкаачылык менен мамиле жасайт. Үй-бүлөсү, 4 баласы бар болгонуна карабастан, голландиялык Каролин аттуу айым менен мамиле куруп, Жамиленин көзүнө чөп сала баштайт. Муну билип калган соң Жамиле Каролиндин өмүрүнө кол салууга чейин барып, акыры түрмөгө түшүп калат. Учурдан пайдаланып Каролин Жамилеге «Али менен ажырашам» деген келишимге кол койсо, арызын кайтарып аларын айтат. Бул сунушу кабыл алынып, Жамиле түрмөдөн чыгып жолдошунун башын бошотот. Жамиле Али менен ажырашкандан кийин 4 баласы менен кошо барар жери жок көчөдө калат. Ал учурда улуу кызы Беррин университетте окуса, кичүү кызы Айлин менен уулу Мете лицейде окушчу. Ал эми эң кичүү уулу Осман 6 жашта эле. Башынан эле жакшы эмес Мете менен атасы Алинин мамилеси күн санап начарлап, Мете үйүн өрттөп салууга да чыгынат. Бул окуядан кийин атасы уулун сотко берип коёт. Метени куткаруу үчүн Жамиле Алиге арызын кайтарып алуусун өтүнүп келсе, ал кичүү баласы Османды ага берсе гана Метени түрмөдөн чыгарарын айтып туруп алат.
Ушундай чырмалышкан окуялардын негизинде капитан Алинин убактысы өтө берет. Кийин турмушта чоң катачылыктарды кетиргендигин түшүнгөн кезде абдан кеч болуп калган эле.
БАШ КААРМАНДАР
Тасмада капитан Алинин образын жараткан актёр Еркан Петеккая 1971-жылы 11-декабрда Түркиянын Элагиз деген жеринде жарык дүйнөгө келип, Стамбул шаарында чоңойгон. Жаш кезинен эле актёрдук кесипке кызыгып, ошол жаатта билим алган соң Стамбулдагы мамлекеттик театрга ишке орношкон. Ошондон тартып ушул күнгө чейин ал 15 сериалга тартылган. Атактуулукту «Акыркы үмүт» тасмасы аркылуу багынткан. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Баш каармандардын дагы бири, Жамиленин ролун ойногон түрк актрисасы Айча Бингүл 1974-жылы Стамбул шаарында төрөлгөн. Таланты менен каалоосу төп келип, актрисалык жаатта билим алган жан бул тармакта 2005-жылдан бери эмгектенип келет. Жалпысынан 5 сериалга тартылган.
ЧОҢ ТУҢГУЮККА БАРЫП ТОКТОЙТ
Жашоодо адамдын терс жолго кетип баратканын ачык-айкын көрсөтүп баштаган тасма акырында чоң туңгуюкка алпарып токтойт (1-бөлүм). Бул сериал эки бөлүмдөн туруп, ар бири өзүнө 38-40 серияны камтыйт. Азырынча Түркиядан тышкары бул тасмага кызыкдар болгон өлкөлөр биринчи гана бөлүгүнө күбө болушууда. Ал эми уландысы болгон 2-бөлүмү өз мекени Түркияда гана көрсөтүлүүдө жана сериалдын кандайча аяктаары азырынча калың журтка сыр бойдон. Тасманын жаратуучулары 2-бөлүмүн үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин башка мамлекеттерге сатпай тургандыгын билдиришкен. Анан да окуянын өнүгүшүнө жараша 3-бөлүмдүн тартылуусу да мүмкүн экендигин айтып келишет.
ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg