Үй-бүлө күткөндөн кийин Кайрат Примбердиев чыгармачылыгына былчыйта чекит коюп салган өңдүү. Баса, таптакыр таанылгыс болуп имиджин өзгөртүп жибериптир. Чачтарын узун коё берип, африкалыктарчасынан өрдүрүп да алыптыр. Бул сүрөттү көргөндө Децл сыяктуу рэп айтып чыгат окшойт деген да ойлор келет экен. Эмнеси болсо да Кайратты эл унута элек. Учурда ырчы казак жергесинде кафеде ырдап иштеп жүргөн чагы.