Үндү да таптап бакпаса, мукамын жоготуу коркунучу бар эмеспи. Ырчы Назира Токонова “жаңы 3 ыр жаздырып, аларга үн коштурайын десем, үнүм такыр ачылбай койсо боло! Доктурларга кайрылсам, алар да мындан ары ырдай ала турганыма күмөн санагандай жооп айтышты” дейт. Үнү чын эле кырылдап араң сүйлөп, мындай жагымсыз окуядан Назира катуу стресске кабылып, үйдөн чыкпай жатканын айтты.