“Ильяз братан, кандайсың, кайдасың?” деп ырдачу кичинекей Мажиттин өзүнө «кайдасың? кандайсың?» деген суроо узаттык. Көрсө, Мажит өзү “братан” болуп чоңоюп, сүйүү тууралуу ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жүрүптүр. Клип демекчи, кыздарга жаккан жакшы клип болсун деп кыштын кыраан чилдесинде көйнөкчөн клипке тартылам деп катуу суук тийип, жакшы боло албай жатканын да айтып өттү.