Эсиңизде болсо керек, гезитибиздин жаңы жылга жакын чыккан санында жылдыздар Аяз атага кат жазышкан. Съездбек Искеналиев Аяз атадан “ушул жылы бир жакшы тасмадан башкы роль белек кылчы” деп суранган эле. Учурда Съездбек режиссёр Айбек Дайырбеков тарта баштаган “Аманат” деген тасмага башкы ролго чакыруу алды. Буюрса, жаз айларында Съездбек дагы бир жолу актёрлук дареметин байкап көрөт экенбиз.