Театр жана кино жылдызы Шайыр Касымалиеванын сахна босогосун аттаганына быйыл 25 жыл толуптур. Актриса январь айынын акыркы күндөрүндө сахнада жүргөн убактысын текке кетирбегендигин далилдеп, көрөрмандары менен кенен жолугушуу максатында бенефис уюштурмакчы болууда. Бул чыгармачылык кечеде Шайыр эже "Жаза" аттуу спектаклде роль жаратып, күйөрмандарына талантын тартуулоону пландаштырууда.