Өткөн футболдук уик-эндде Англия премьер Лигасынын 22-турунун алкагында 2 борбордук беттеш болуп өттү. Лиганын лидери "Манчестер Сити" өз үйүндө "Тоттэнхэмди" 3:2 эсебинде утуп, сап башындагы ордун сактап кала алды. Дагы бир оюн “Арсенал” менен "Манчестер Юнайтеддин" ортосунда болду. “Замбирекчилерде” августта өткөн 3-турдагы «кызыл ажыдаарларга» 8:2 эсебиндеги утулуусунун өчүн алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок алар аны ишке ашыра албай, өз үйүндө 2:1 эсебинде жеңилип калышты. Голдорду “МЮдан” Антонио Валенсия менен Дэнни Уэллбек киргизсе, “Арсеналдан” учурда башкы бомбардир болуп турган (19 голу менен) Робин ван Перси айырмаланды.