Учурда Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча «Шериктештик кубогу-2012» өтүүдө. Мелдештин тартиби өзгөрүп, буга чейин өлкө чемпиондору күч сынашса, мындан ары 21 жашка чейинки жаштар курама командалары намыс талашмай болушту. 19-январда башталган мелдеште Кыргызстан курама командасы да катышып, тайпалык баскычтан чыга албай “учуп” кетти. Латвия, Молдавия жана Украина командалары менен “В” тайпасында орун алган мекендештерибиз алгач Латвияга жеңилсе (3:2 эсебинде), кийин Украина (4:0) менен Молдавиянын (2:1) курмандыгы болду. Эми Кыргызстан калган 2 тайпада акыркы орунду ээлеген командалар менен 9-12-орун үчүн күрөшмөкчү. Эске салсак, мелдешке Кыргызстанды эсептегенде КМШнын 11 өлкөсү жана Иран катышууда. Чейрек финалга чыккан командалар төмөнкүчө табышышты. Казакстан – Беларусь, Иран – Латвия, Украина – Литва жана Орусия – Молдавия. Мелдештин финалы 29-январда өтөт.