ДИРЕКТОР АЛМАШТЫ. СУММА ӨЗГӨРӨБҮ?

КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси алмашты. 19-январда премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жарлыгы менен Үмбеталы Кыдыралиев кызматтан алынып, ордуна Байгазы Кенжебаев дайындалды. Жаңы жетекчи тууралуу айтсак, ал 1975-жылы 25-октябрда Таласта төрөлгөн. Эмгек жолун Бишкектеги РСДЮШОРдо (Республикалык спорттук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби) машыктыруучулук менен баштап, 2010-жылдын апрелинде аталган агенттиктин директорунун орун басарлык кызматына дайындалган. Байкап көрсөк, бул орунда жыл сайын жетекчи алмашууда, бирок кыргыз спортунда өнүгүү жок. Деги качан математика эрежеси бузулуп, орун алмашуудан жыйынтык чыгар экен?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kanatbekbi
2012-01-30 19:53:07
"Чымчык сойсо да касап сойсун" дегендей ар бир жумушка озунун устасы керек. Билесинерби буга чейин улуттук олимпиада комитетинин жана курош федерациясынын жетекчилери кимдер болгонун...? (ошондой)
0
cosmopolit
2012-02-01 07:54:36
KG da Orun almashuuda suMMa ozgorboyt degen syaktuu bolush kerek...
0
pbabaev
2012-02-01 15:14:06
Бабанов озунун Таластык туугандарын акырындан чон жумуштарга орноштуруп жаткан турбайбы бали бали,ушинтип иштей берсенер ар кимин озундун тууганынды алып келип майлуу сутту жумушка Кыргызстан 40жыл болсода онукпойт!!!
+2
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан