«Супердин» сурак бурчу
Кечээ жакында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттардан кызматтык унаасын алып салуу демилгесин көтөрүп чыккан. Мындай идея адегенде парламенттин өзүндө кызуу талашка түштү. Депутаттардын ичинде кубаттап колдогону да, тескерисинче, бекер унаадан бир кадам жылгысы келбегени да болду. Бул демилгеге учурда коомчулук да кызыгып турган чак. Шаар аралап, элдин пикирин билип көрдүк.
Манас Осмонов,
студент:
– Туура. Азыр мамлекетибиздин абалы оор. Ошондуктан ашыкча эле акчаны корото бербей, депутаттар эл катары коомдук унаалар менен жүрсө деп ойлойм. Келечекте өлкөбүз байып, элдин жашоо шарты оңолуп калгандан кийин унааларды берсе боло берет. Анда эч кандай зыяны тиймек эмес.
Нургүл Жунусбаева,
окутуучу:
– Туура демилге, колдойм. Биз, карапайым адамдар, ишке жөө эле барып-келебиз го. Баягыда сыналгыдан бир депутаттын сүйлөгөнүн көрүп уялдым, “эмне үчүн ишке жөө келишим керек?” дейт. Мисалы, мен ага караганда аз айлык алам, эч нерсе болбой жөө эле жүрбөймүнбү.
Сабыр Усупов,
окутуучу:
– Текебаевдин бул демилгеси туптуура.Чет өлкөдө депутаттар кызматтык унаа менен жүрбөйт. Аларга биздегидей шарт деле түзүлүп берилбейт. Депутат элдин ичинен чыккан соң эл менен жакын болушу керек да. Текебаев азамат, адамдын ким экени ушундайда билинет. Мына чыныгы жигиттик.
Жылдыз Ибраева,
сатуучу:
– Албетте, Текебаев туура маселе көтөрдү. Менин оюмча, депутаттар жумушка өздөрүнүн унаасы менен келип-кетиши керек. Экономикалык абалыбыз оор, жакыр өлкөбүз. Жакшысы, ал унааларды мамлекетке өткөрүп берсе, казынага пайда.
Асаналы Жамакеев,
студент:
– Колдойм, унаа берилбеши керек. Депутаттардын баары көп жылдан бери саясатта жүргөн адамдар. Демек, алардын байлыгы жетиштүү. Элдин жашоосун да ойлоп, унааларын тапшырып берсе, бюджетке чоң пайда. Кааласа жеке унаасын пайдалансын.
Гүлайым Сыдыкбекова,
үй кожойкеси:
– Мен туура көз караштамын. Депутаттардын өзүнүн айлык-акылары жетиштүү, андыктан ошол айлыгынын эсебинен жумуштарын бүтүрсүн. Эл катары жол акы төлөшсүн. Эгер жеке менчик унаалары болсо, анда ким кой демек эле, ошолорду пайдалана берсин.
Жолдошбек Төкөлдөшов,
окутуучу:
– Депутаттар – ансыз деле өз оокаты жетиштүү, бай адамдар. Элге кызмат кылам десе, өз унаасы менен эле жүрсүн. Алар деле элден чыккан кишилер да. Эмне үчүн айлык алып, бекер үйдө жашап, бекер унаада жүрүшү керек? Карапайым элдей эле жүрүшү зарыл.
Гүлмира Орозобекова,
окутуучу:
– Колдобойм. Депутаттар эл үчүн иштеп жаткан соң кызматтык унаанын берилиши туура. Анткени расмий жолугушууларга барат жана айрым иштерди бүтүргөнгө кызматтык унаа жакшы шарт түзөт. Ошондуктан унааларын калтырыш керек.
Мырзабек Адылов,
соодагер:
– Албетте, Текебаевдин бул демилгесин колдоого алышыбыз керек. Депутаттардын унаасына кеткен чыгымдарды карапайым калктын жашоосун оңдоого жумшаш керек. Ошол акчаларды пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык жардамдарга бөлсө жакшы болмок.
Автандил Добулбеков