Бир бүркүм... ӨКМӨТ МАРТТЫН АЯГЫНДА ОТЧЁТ БЕРЕТ...
Өкмөт март айынын аяк ченинде аткарган иши боюнча 100 күндүк отчёт берерин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов билдирди...
Өлкөнүн түндүгүнө электр жарыгын бөлүштүргөн "Түндүкэлектро" ААКсынын генералдык директору Нурлан Кайдуев жана техникалык директору Кубанычбек Турдубаев кызматынан алынды.
"Кыргызстандын көптөгөн жолдору көп тонналуу автоунаалар өткөндүктөн, жараксыз абалга келди. Эми жаңы мыйзамга ылайык, буга жол берилбейт",- дейт Кыргыздортранспроект институтунун директору Жамшит Калилов.
Жакынкы аралыкта азык-түлүк баалары арзандабай турганын Улуттук банктын төрагасы Зина Асанкожоева билдирет.
ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков "Паспорт жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, паспорт алууда керектеле турган 13 документтин ордуна 4 документ: жарандыкты тастыктаган документ, арыз, сүрөт жана төлөм жөнүндө квитанция эле талап кылынат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.