"Тумар" радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө шектүү" деп 4 айдан бери издөөдө жүргөн Максат Эралиев 26-январь күнү Чүй облусунда кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы гезитибиз басмага даярдалып жатканда билдирди. Маалыматка ылайык, Эралиевди Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жатканда, таксиде Кант шаары менен Ивановка айылынын ортосунда колго түшүрүшкөн. Эске салсак, бул эрен 2011-жылы 16-октябрда "Баркод" клубунун ди-джейи жана "Тумар" радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевди катуу сабап салган. Таксистти коргойм деп катуу сабалган Жаныбек комага түшүп, 9-ноябрда каза тапкан. Ал эми Максат Эралиев дайынсыз жоголуп, азыркыга чейин издөөдө болчу.