Ашкабактын дарылык касиеттери
Дене күнгө күйүп калганда колдонулуучу элдик медицинада эң жөнөкөй ыкма бар. Ал – күйгөн жерди ашкабак менен айыктыруу.
Ашкабакты сүргүчтөн өткөзүп, алынган боткону дененин күйгөн жерине жабуу керек. Ботко кургап кетпөө үчүн үстүнөн марляны көп кабаттап жабуу зарыл. Мындай компрессти бир жолу жасагандан кийин эле жеңилдөө сезилет.
ПРОСТАТИТТЕН АЙЫККЫҢ КЕЛСЕ, АШКАБАКТЫН ДАНЫН ЖЕ!
Элдик медицинадагы эң жакшы каражат болуп ашкабактын даны эсептелет. Анткени, ашкабактын данында төрөлгөндөн улгайганга чейин эркек үчүн эң зарыл болгон цинк бар. Ошондуктан, эркектин урук чыктагыч безинин оорусу менен аденома (зыянсыз шишик) оорусунда 3 маал тамак алдында 20дан кем эмес ашкабак данын жеш керектелет. Улгайган адамдардын ичинде да ашкабак данын жеп, чоң өлчөмдөгү шишиктен кутулгандар тууралуу маалымат бар.
ЧИРКЕЙ, ААРЫ... ЧАККАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?