25-январь күнү өкмөттүн отурумунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов каржы министри Акылбек Жапаровду "микрофонуңду биротоло өчүрүп салам!" деп урушту. Буга анын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев сүйлөп жаткан кезде микрофонду уруксатсыз күйгүзүп, сөзүнө аралашканы себеп болду. Темир Сариев өкмөттүн программасын ишке ашыруу планы тууралуу айтып жаткан эле. Ошол учурда Акылбек Жапаров эл аралык уюмдардын түзгөн рейтингин да министрликтин иш-аракетин баалоо критерийи катары кошууну сунуштады.
"Анткени мен экономика министри болуп турган учурда биздин өлкө бизнести уюштуруу мүмкүнчүлүгү боюнча 99-орунда болчу, мен вице-премьер болгондо 42-орунга чыкканбыз",- деди каржы министри. Буга жооп катары Сариев өкмөттүн иши боюнча отчёт тапшырылганда аны эл баалаарын билдирди. Анча-мынча айтыша кеткен Жапаровго премьер-министр Өмүрбек Бабанов: "Сиз адамдын сөзүнө аралжы болбоңуз. Бул сизге парламент эмес. Бул план ар бир министр жана акимдердин жоопкерчилигин аныктоого багытталган",- деди.