Кыргыз метеорологиялык кызматынын билдирүүсүнө караганда, 26-январдан тарта абанын температурасы 40 градуска чейин суук болот. Өлкөнүн түштүк аймактарында аба ырайынын температурасы учурдагыдан 5 градуска төмөндөсө, түндүк аймагында 30 градуска чейин түшөт. Ал эми тоолуу аймакта жайгашкан Суусамырда 40 градуска дейре суук болору айтылат. Мындай суук азиялык циклон башталганына байланыштуу. Андыктан Сибирдин суугу биз тарапка оойт дешүүдө. Ошентип, бизге Сибирдин суугу келмей болду.