"Кыргызстанда туруп кыздарыбызды чет өлкөлүктөргө сабатабызбы?" деген дүрбөлөңдүү окуя акыры адилеттүү аяктады. Өткөн жылы апрель айында "Бета Сторес-3" супермаркетинин нан бышыруучу жайынын технологу Гүнеш Йылмаз кол астында иштеген Чолпон Орузбаеваны сабап салган. Ичине жеген соккудан Чолпондун ичеги-карыны жарылып, бир канча жолу операция жасаткан.
Ал эми Гүнеш Йылмаз кармалып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен май айында үй камагына чыгарылган. Ошондон пайдаланып ал 7-июнда өлкөдөн качып кеткен. Бирок эркиндикте жүргөнү көпкө созулбады. Анткени 9-июнда Казакстандын Жамбыл облусунун Ички иштер департаментинин Мерке районунун Ички иштер бөлүмү тарабынан колго түшүрүлгөн. Алар Кыргызстанга өткөрүп берген соң кайрадан соттук иш улантылды. Бирок соттук отурумга катышуучулар толук келбей улам артка жылдырылып, ММК кайра-кайра жазып жатып жаш активисттер митингдерди өткөргөн соң гана иш 2012-жылдын 25-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып бүттү. Сот Адылбек Субанкуловдун чечими менен Гүнеш Йылмаз 6 жылга эркинен ажыратылып, жабыркаган Чолпон Орузбаевага 150 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп бермей болду. Ал эми Йылмаздын адвокаты өкүм менен макул эместигин, Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирген.