Абактагылардын ачкачылык жарыялаганына бир апта болду. Азыр алардын жалпы саны 6 миң адамдан ашты. Айрымдары ачкачылык жарыялап, 1 миңге чукулу оозун тигип алышкан.
Өлкөнүн төрт абагынан башка абактардын баарында ачкачылык акциясы жүрүп жатат. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилешүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, №1-тергөө изоляторундагылар чындап эле ачкачылык жарыялаганын тастыктоо үчүн оозун тигишкен. "Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы жана анын басма сөз кызматы "абактагылар туугандарынан тамак алып жеп жатышат" деп жалган маалымат таратууда. Биз ошон үчүн оозубузду тигип алдык" дешти",- дейт ал. Акыйкатчынын айтымында, кримавторитеттердин бири да өз оозун тиккен эмес. Анын үстүнө, "оозу тигилгендердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан, атайын эле төөнөп салышкан" деген ойлор да жаралууда.
Бул тергөө изоляторундагылар ачкачылыкты токтотуу үчүн өз талаптарын да акыйкатчыга айтышкан. Алар 16-январда болуп өткөн тополоңдо каза тапкан Нурбек Алымбаевди ким өлтүргөнүн таап жазалоону жана ошол окуяны туура иликтөөнү, так маалыматты элге таратууну талап кылышкан.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү экенин баяндашат. Ошол эле учурда абактагылар кримчөйрөнүн башчылары отурган камераларды ачык калтыруу талабын коюшканын №1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков билдирет. "Алар "№1 тергөө абагындагы камераны ачып бергиле, биздин төбөлдөр кенен басып жүрүшсүн" деп талап кылышууда",- дейт ал. Марс Жусупбеков өзү жетекчи болуп турган кезинде эч бир камера ачык калбай тургандыгын баса белгилеп, катуу кармоо керек экенин айткан.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg