ТУУРА БИЙДЕ ТУУГАН ЖОК, ТУУГАНЧЫЛ БИЙДЕ...

Кыргызстандын экс-президенттери туугандарын бийлик бутактарына алып келгендиги үчүн кызматтарынан кол жууп, өлкөдөн куулуп чыкканы – үч уктаса түшкө кирбес нерсе. Болгону, президент болуу алдындагы ант берүү аземинде Роза Отунбаева: "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген көөнөргүс лакап менин президенттик урааным болуп калат",- деп айткан...

ЖАҢЫ СААМАЛЫК ИШКЕ АШАБЫ?
Жакында эле "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев тарабынан сунушталган "Туугандык байланышын ачыктоо жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулукта катуу талкууга алынды. Бул долбоорго ылайык, эң эле жооптуу кызматты аркалаган президенттен тарта ЖКнын депутаттары, премьер-министрден бери ар жылдын 1-февралынан 31-мартына чейин өздөрүнүн тууган-туушкандары тууралуу толук маалымат бериши керек болот. Эгерде аткаминерлер туугандык байланышы жөнүндө маалыматты убагында бербей же туура эмес маалымат берсе, бир миң сомдон үч миң сомго чейин айып төлөөрү да жазылган. Кыргызстанда баш-аягы 17 миң 500 мамлекеттик кызматкер бар.
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев "президенттин, төраганын жана премьер-министрдин туугандары жооптуу мамлекеттик кызматты ээлегенге укугу жок" деп билдирген. Аны менен катар учурда "мамлекет башчыларынын туугандары мамлекеттик ишканаларда үлүшкө ээ болбосун, ири коммерциялык компанияны жетектебесин" деген талаптарды да коюуда. Жакын тууган катары кызматкердин ата-энеси, балдары, күйөөсү же аялы, бир тууган ага-ини, эже-карындаштарын белгиледи, депутат. Кээ бирлер бул жакшы иш экенин айтып колдоорун билдиришсе, ошол эле учурда "7-8 бир тууган үй-бүлөлөрдөгү балдардын бирөөсү эле мамлекеттик кызматта иштей алабы анда? Баары билимдүү, өз кесибинин адиси болсо, эмнеге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө болбосун?" деген ойлорун да айтышууда.

Мындан эки апта мурун Тажикстандын жаңы Ички иштер министри Рамазан Рахимов кызматка келери менен Шахмансур районунун оперкызматкери болуп эмгектенип келген баласы Дилшод Рахимовду, Согдий облусунун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аймактык бөлүм башчысы болгон агасы, полковник Рахманкул Рахимовду иштен алды. Тажикстандын коррупцияга каршы мыйзамына ылайык, аткаминерлердин кол астында бир туугандары, жубайы, ата-энеси, балдары жана кайын журтуна иштөөгө тыюу салынат.

Элмира Иманалиева,
депутат:
– Тажикстандын министринин жасаган иш-аракетин туура деп эсептейм. Бизде да, мыйзамга ылайык, жогорку кызматтагылардын кол астында туугандарына иштөөгө тыюу салынат. Кесибинин мыкты адиси болгон бир туугандар ар башка тармактарда иштесе болот.

Равшан Жээнбеков,
депутат:
– Министрдин жасаганын туура иш деп айтмакмын. Бир структурада иштеген бир туугандарга ушундай эле чараны көрүш керек. Ал эми бир туугандар мамкызматтардагы ар башка тармактарда иштей бериши керек.

Адахан Мадумаров,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
– Тажикстандын ИИМинин кылган ишин эң туура жол деп эсептейм. Анткени мамлекет үчүн кызмат кылам деген адамдар министр болуп орношкондо ошол структурада иштеген туугандарын өз эрки менен эле иштен алышы керек.

Асылбек Жээнбеков
Жогорку Кеңештин төрагасы.
Асылбек Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору. Дагы бир бир тууганы Жусупбек Шарипов Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси.

Турсунбай Бакир уулу
"Ар-намыс" партиясынын депутаты.
7 бир тууган, 3 уул, 4 кыз. Улуу агасы Шарабиддин Кара-Суу районунда Айыл чарба департаментинде иштейт. Карындаштары Майрамкан, Максудакан, Манзууракан үй-кожойкелери, дагы бир карындашы Махбураткан жеке ишкер. Иниси Бактыбек фермер.

Равшан Жээнбеков
"Ата Мекен" партиясынын депутаты.
3 бир тууган, карындашы Мира Адилет министрлигинде бөлүм башчы, экинчи карындашы Надира Каржы министрлигинде бөлүм башчы.

Өмүрбек Текебаев
"Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат.
5 бир тууган, 2 кыз, 3 уул. Эжеси Нурила, карындашы Айсулуу үй кожойкелери. Иниси Асылбек "Ата Мекен" партиясынын өкүлү, мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Дагы бир иниси Алмаз жеке ишкер.

Роза Акназарова
"Республика" партиясынын депутаты.
"Республикачы" депутат Роза Акназарованын сиңдиси Камила Акназарова Жогорку соттун төрайымынын орун басары.

Адахан Мадумаров
"Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери.
8 бир тууган, 5 кыз, 3 уул. Агасы куруучу, иниси катардагы милиция кызматкери болуп эмгектенет. Карындаштарынын экөө мугалим болуп эмгектенсе, үчөө үй кожойкеси.

Элмира Иманалиева
"Ата Журт" партиясынын депутаты.
Эки бир тууган, агасы Муратбек Иманалиев ШКУнун баш катчысы.

Абдырахман Маматалиев
"Ар-намыс" партиясынын депутаты.
Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы.

Мамытбай Салымбеков
КСДП партиясынын депутаты.
Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Шаардык кеңештин депутаты. Ал эми иниси Аскар Салымбеков Кыргызстандын Бразилиядагы консулу.

Мэлис Мамбетжанов
Өкмөттүн алдындагы Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.
Мэлис Мамбетжанов маркум Медет Садыркуловдун күйөө баласы.


«Супердин» сурак бурчу

ТААНЫШ-БИЛИШСИЗ, ПАРАСЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ОРНОШУУГА БОЛОБУ?

Руслан Артыков,
жеке ишкер:
– Өз күчүң менен эле мамлекеттик кызматка орношсоң болот. Бирок кызматка орношкондон кийин ордуңда иштеп калуу үчүн баары бир тааныш-билиш керек. Сени коргой турган адам болбосо, бат эле кыскартууга кабылып, иштен кол жууйсуң.

Наталья Владимирова,
үй кожойкеси:
– Мүмкүн эмес. Муну өз жон терим менен сездим. Анткени кызым 2 диплому менен ишсиз калды. Карын ач калат, тамак жеш керек. Азыр чач тарач болуп иштеп жатат. Мен аны 7 жыл жөн эле контракт төлөп окуттумбу? Ушуга кейийм.

Өмүрбек Үмөталиев,
Кыргызстандын Аксакалдар кеңешинин төрагасы:
– Билими болсо, өз күчү менен орношууга болот. Биз, Аксакалдар кеңеши, тажрыйбасы жана билими жогору жаштарды ИИМге, Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштадык, алар парасыз эле ишке орношушту.

Ырысгүл Курманова,
студент:
– Жумушка орношуу түгүл, азыр практика өтүү үчүн тааныш керек. Эгер диплому тим эле укмуш болуп ишке орношуп калбаса, көбүнесе тааныш-билиш аркылуу болот.
Мен тааныгандардын баары тааныш-билиш аркылуу жумушка орношкон.

Асылбек Тилебалды уулу,
актёр:
– Жөндөн-жөн эле "акча бербесең жумушка орношо албайсың" деген болбойт. Мен жашмын, келечегим алдыда. Биздин өлкөдө мамлекеттик кызматтарга өз күчү менен эле орношуп, иштеп жаткандар бар. "Парасыз өтө албайсың" дегенди аракети жоктор айтышат.

Гүлнара Арзыматова,
эсепчи:
– Жок, учурда парасыз жумушка орношуу түш сыяктуу болуп калды. Азыр эки кызыл диплом менен бүткөндөр да ишсиз жүрбөйбү. Алыска барбай эле коёлу, менин үйүмдө батирде жашаган бала 3 миң доллар берип салык кызматына орношту. Билимиң бар болгон чакта да, акча бербесең жумуш жок.

Кайрат Исаев,
жеке ишкер:
– Ооба, болот. Мисалы, менин бир таанышым банкка өз күчү менен эле ишке орношту. Ишке орношуу анча деле кыйынчылык туудурбайт. Негизи, өз тармагыңдын адиси болсоң, эч качан жерде калбайсың.

Турдугүл Каримова

 Кыстарылган видео 
Тааныш-билишсиз, парасыз мамлекеттик кызматка орношууга болобу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
baibolot71
2012-01-30 11:12:45
Ал эле эмес Жээнбековдор Кара кулжа районун менчиктеп алышкан.РайАкимден баштап Кара кулжадакы автобекеттеги туалеттен бери.
0
honey
2012-01-30 13:03:16
Эгерде билимин кучтуу болуп, оз кучун менен жумуш табып кеткендер деле бар, бирок аз. Кызыл диплом менен буткондор деле жумушу жок, ал эми жаман окуган, бирок таанышы барлар жакшы, айлык акысы коп жумуш орундарына оной эле орношуп алышат. Кому как повезет.
0
KG-Bishkek
2012-01-30 19:39:59
Азырынча айтыш кыйын таанышы жок ишке орношуу. Мумкун 1000дин бири орношот чыгар.
0
sambo
2012-02-03 08:36:07
KG-Bishkek, Мен сенин бир да созуно кошулбайм!
0
cosmopolit
2012-02-01 07:14:23
AAAy taanish bilish degen Kg din kanina sinip kaldi go....
0
sashkakg
2012-02-01 21:13:19
менимче тажик министри туура кылган дегендер популистик билдируу деп ойлойм, анткени ал бир тууганы, атасы министир боло электе иштеп келген ошол кызматка ага чейин эле жетишкен. Ал адамдын балдары уй булоосу эмне болот. андан коро ал адамдар министр тууганынын жардамы менен жогорулабашын караш керек, эгер ошол министр чынчыл болсо ошол кызматтан жогору кызматка орноштурбайм деп эле жарыя кылса жакшы болмок. Кыргызстанда деле ушундай болушун каалайт элем.
0
evropa
2012-02-02 16:12:50
en tuura zakon 4ygarywyptyr itibai 4otu bai 4abyr 4uburlaryn jumuwtan yrgytyw kerek azyr bizde taanywyn bolso tankasyn taanywyn bolboso mankasyn degendei zakon bolup jatpaiby
0
Jyrgal_msk
2012-02-03 01:05:18
baibolot71,туура айтасын,ал гана эмес Кара-Кулжа дарыясынын жээгиндеги кум,ташка дагы ээлик кылып алышкан.
0
future_kg
2012-02-03 18:01:55
несин айтайын! ишке кириш кыйын , кирсен деле маянасы аз.Мен кызыл диплом менен бутургом , мугалим болуп иштедим. Айлык 5 мин сом , ал неге жетет.Пара алып иштегенге дитим барбады!Учурда россияда журом, мурункудай кыргыз жаранына женилдетуулор жок, тажик озбек, жана башка улуттар менен кезеке туруп , документтерди даярдап журом. Эээ турмуш оор, Кыргызстанда турмуш начардыгынан мага окшоп тентип жургону канча! Атка минерлер кайым айтышпай, мигранттарга конул болупсо болмок!
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан