ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-январдан 5-февралга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Аптанын башы терс эмоцияны чакыруучу окуяларды тартуулашы ыктымал. Кандайдыр бир маселе боюнча укук коргоочуларга кайрылууңуз мүмкүн. Кандай болгон күндө да документтериңиз так болуусу керек. Кыялыңызды ишке ашыруу менен айланаңыздагы адамдарды таң калтыра аласыз. Жеке мамиледе бир чечимге келип, тандоо жасоочу маал.

Букачар (21.04-20.05)
Жылдыздар бул аптада сизди акчага байланыштуу чоң ийгилик күтөт деп билдиришет. Бирок ашыкча коротуудан сактаныңыз. Ден соолукка кам көрүп, убагында эс алып, уктоого аракеттенген оң. Аптанын соңунда үй-бүлөңүз, жакын адамдарыңыз менен бирге убакыт өткөргөнгө шарт түзүлөт.

Эгиздер (21.05-21.06)
Шашып кылган иштериңиздин кесепетинен улам олжодон куру калып калбаңыз. Бардык нерсеге кылдат мамиле жасасаңыз, аптанын ортосунда жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Документтерди толтурууда, келишим түзүүдө так жана этият болууңуз шарт. Сезимдер жаатындагы жакшы өзгөрүүлөрдү кааласаңыз, алгач өз мамилеңизди оңдоодон баштаңыз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Апта активдүү башталмакчы. Жаңы идеялар пайда болушу мүмкүн. Шейшембиде олуттуу чечим кабыл алуу маселеси жаралат. Досторуңуз менен жакындарыңыздан колдоо күтө берсеңиз болот. Өнөкөт оорулардын алдын албасаңыз, сыркоолоп калуу коркунучу бар. Жеке жашооңузда керектүү чечим кабыл алууга аптанын аягы ыңгайлуу.

Арстан (23.07-23.08)
Алдыга коюлган шарттарды туура жана так аткаруу менен ишиңизди илгерилете аласыз. Көздөгөн максатыңызга жетүүгө алтынчы туюмуңуз жардамчы боло алат. Ишиңизде кыйынчылык жаралбашы үчүн жетекчилер менен мамилеңизди бузбаганыңыз оң. Аптанын аягында сүйүктүү адамыңыз менен жолугушуп, жакшы жаңылыктарды угасыз.

Бийкеч (24.08-23.09)
Бул апта сизге бир топ татаал кырдаалды жаратышы мүмкүн. Ага карабастан туура чечим кабыл алып, иштерди өз убагында бүтүрүү туура. Көңүлүңүз жайында болбой, жакын адамыңызды таарынтып алышыңыз ыктымал. Жума күнү конокко чакыруу алууңуз күтүлүүдө. Аптанын аягынан тарта жашооңузга олуттуу өзгөрүүлөр кире баштайт.

Тараза (24.09-23.10)
Финансы маселеси жакшы жагына өзгөрүп, стабилдүүлүк өкүм сүрмөкчү. Бул өзүңүзгө болгон ишенимди жаратып, жаңы долбоордун үстүндө иш алып барууга түрткү болот. Жеке жашоодо эски мамилелер кайрадан жанданып, сүйүү романына айланышы ыктымал.

Чаян (24.10-22.11)
Ишиңизде жагдай татаалдашат, ага карабай баштаган жумушту аягына чыгаруу туура. Кесиптештер менен мамилени жакшыртуу үчүн амалкөйлүккө барууга туура келет. Жаңы таанышуулар күтүлөт. Сүйүктүүңүз тууралуу жагымсыз жаңылыктан улам иренжип калбоо үчүн ушактарга көңүл бурбаганыңыз оң.

Жаачы (23.11-21.12)
Эмоцияга алдырбай, өзүңүздү токтоо алып жүрүүнү үйрөнсөңүз, ишиңизде ийгиликтер күтөт. Аптанын ортосунда маанилүү долбоорго кол коюшуңуз ыктымал. Шериктештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө абайлаганыңыз туура. Сүйүктүүңүз тараптан таарынычтар болушу мүмкүн. Бул жагдайды чечүүгө аптанын аягы ыңгайлуу. Ашказан-ичеги ооруларынын алдын алып, врачка көрүнгөнүңүз ашыкча болбойт.

Текечер (22.12-20.01)
Шаан-шөкөттөр менен башталган апта сизди бир аз чарчатып коюшу ыктымал. Жакын адамдарыңыз жана досторуңуздун колдоосуна арзыйсыз. Гардеробуңузду жаңыртуу максатында базар же дүкөн кыдырышыңыз мүмкүн. Үй-бүлө арасында ынтымак күчөп, жубайларды ынак мамиле күтөт. Аптанын соңунда алыс жактан уккан кабар сизди ойго салышы мүмкүн.

Суупери (21.01-19.02)
Аптанын бир аз кыйынчылыктар менен башталганына капа болбоңуз. Анткени аткарылган иштин үзүрүн аптанын ортосунан тарта көрө баштайсыз. Жетекчилер кол астындагы адамдардан колдоо көрүп, мамилелер бекемделет. Ал эми ата-энелер менен балдардын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Аптанын аягын жан дүйнөңүздүн ырахатына арнаганыңыз оң. Жакын адамыңыз менен киного баруу жана сейилдөө сунушталат.

Балык (20.02-20.03)
Абдан тынч жана ийгиликтүү апта. Балыктар кесиптештеринин арасында абройго жетише алышат. Капчык маселеси да кыйла жакшырып, аптанын ортосунда жаңы эмерек сатып алышыңыз мүмкүн. Чырдашпайм десеңиз, үй-бүлө мүчөлөрү менен сылык болгонуңуз зарыл. Сүйүү жаатында жаңы таанышуулар, романтикалуу окуялар күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан