ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

"ЖАБЫРЛАНУУЧУ СОТТОШСО УТАБЫ?"
– Бир айдоочу экинчи айдоочунун автоунаасын сүзүп алды. Жабырлануучу менен күнөөлүү тарап маселени ордунда чечүүгө макулдашты. Жабырлануучу көп жылдык тажрыйбага ээ айдоочу болгондуктан, автоунаага келтирилген зыяндын баасын 10 миң сомго баалады. Бирок күнөөлүү тарап бул сумма көп экендигин айтып, сот аркылуу чечишебиз деп, экөө бир пикирге келбей койду. Ушундай маселе кандай чечилет?
Марс, Бишкек.
– тараптар келише албагандыгына байланыштуу маселени чечүү үчүн:
1. МАИ кызматкерлеринин күнөөлүү тарапты аныктаган токтому керек.
2. МАИ кызматкерлеринин токтомунун негизинде автотехникалык экспертиза өткөрүлүп, келтирилген зыяндын өлчөмү белгиленет.
3. Жогорудагы документтерди топтогондон кийин сотко чыгымды өндүрүү тууралуу доо арыз менен кайрылуу кажет.

"1 ЭШЕК МЕНЕН КУТУЛАМ ДЕП ЖАТАТ..."
– Кошунам короосундагы чөпкө кирип кеткен эшегимди айры менен чабам деп сайып өлтүрүп койду. Кошунам эшек сатып берүүгө макул. Бирок эшегим бооз болгондуктан, мен "бооз эшек же такайы менен сатып бер" десем, кымбат деп көнбөй, "бир эле эшек сатып берем" деп жатат. Соттошсом менин талабым аткарылабы?
Марат, Сокулук.
– сиздин кошунаңыз бир эшектин ордун гана тургузуп берүүнү көздөп жатса, бул сунушка макул боло бериңиз. себеби керектүү документтерди топтош үчүн сиз убактыңызды бекерге сарптайсыз жана соттун чечими сиз каалагандай чечилиши күмөн.

"КОШУНАМДЫН ЧӨБҮН ДА ТӨЛӨЙМБҮ?"
– Короодогу чөбүмдүн жанына ким тамекинин күйгөн калдыгын таштап кеткенин билбейм. Ал тамекинин чогунан чөбүм өрттөнүп кетип, ал тургай өрт короосу жакын жайгашкандыктан, коңшумдун чөбүнө да өтүп, аныкы да өрттөнүп кетти. Эми кошунам "150 түк беде чөп бар болчу, ошону төлөп бер" деп жатат. "Мен күнөөлүү эмесмин, мен да жабыркоочумун" десем, "төлөйсүң" дейт. Мыйзам боюнча мындай иш кандай каралат? Күнөөсүз жерден мен төлөмөр болуп каламбы?
Адыл, Ат-Башы району.
– кыргыз республикасынын жарандык кодексинин 993-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сиз кошунаңыздын чөбүнүн күйүп кеткендигине күнөөлүү эмес экендигиңизди далилдеп берсеңиз, чыгымды төлөөдөн кутуласыз. сиз карасанатайлык менен чөптү өрттөбөгөн соң күнөөлүү деп эсептелбейсиз жана чыгымды төлөөдөн бошотуласыз.

"МЕНИН ЖОГОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРИМ МЕНЕН АКЧА АЛЫШЫПТЫР..."
– Менин паспортумду жана соода орунумдагы патентимди 1,5 ай мурун маршруткадан капчыгым менен кошо уурдап кетишкен эле. Чөнтөкчүлөр акчаны алып, документтерди ыргытып жиберишет, таап алгандар болсо кабарлашар деген үмүт менен жарыя бергем.
Кабарлашкан адам болбогондуктан, кайрадан жаңысын жасатмакчы болдум. 5 күн мурун үйгө мен тааныбаган бир киши келип, менин документтеримди көрсөтүп, "насыяга алган акчанын убактысы өтүп кетти, төгүп кутул" деди. Ага паспортумду жоготуп жибергенимди айтсам, "мен эч нерсени билбейм. Бирөөлөр аркылуу насыя алып, "документимди жоготуп жибердим" деп алдамчылык кылып жатасың, милицияга арыз жазам" деп кайра мени коркутту. Менин укугумду коргой ала турган мыйзам барбы?
Нурия, Бишкек.
– алгач сиз өзүңүз документтериңизди чын эле жоготуп жибергендигиңизди далилдеп беришиңиз керек. укук коргоо органдары өз кезегинде күбөлөрдү суракка алып, кол тамгалардын жасалма же анык экендигин билүү боюнча экспертиза өткөрөт. ошондой эле документтериңизди жоготуп жибергендигиңиз жөнүндөгү жарыяны текшерип көрүп, анан жыйынтык чыгарышат.

"ДОКУМЕНТТЕРИ ТУУРА ЭМЕС" ДЕП БАЛДАРЫМА ПОСОБИЕ БЕРБЕЙ ЖАТАТ"
– Биз Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда 7 жылдан бери жашайбыз. Бул айылга эч кандай чечим чыга элек. Үйүбүздүн да эч кандай документтери жок. Жолдошум экөөбүздүн паспортторубуз айылда катталуу. Ал эми балдарыбыздын күбөлүгүн Бишкектен алганбыз.
Бишкекте мурда батирде жашап жатканда убактылуу каттоодо турчубуз. Эми пособие алайын десем, "балдарыңдын күбөлүгү шаарда катталган экен, болбойт" деп жатышат. 7 жылдан бери балдарыма пособие ала элекмин. Документтерди тууралап кантип пособие алсам болот?
Жазгүл, Бишкек.
– сиз пособиени каттоодо турган районуңуздан алышыңыз керек. эгерде акыркы жашаган жериңизде каттооңуз жок болсо, убактылуу каттоодон өтүп, андан соң пособие алуу үчүн кайрылсаңыз болот.



Суроолорго жеке адвокат Клара Касымалиева жооп берди.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
НурбеК
2012-02-06 15:05:35
салам супер , салам Кубаныч , чон рахмат , коп коп суроолор жана ар бир санда ушундай бетинер болсо кыргыз калкынын да билимдуу болот эле , юридикалык билими аздыктан коп уй було жабыр тартат , андыктан бул маалыматтар жардамчы болооруна ишенем, ийгилик
0
Nazika_1990
2012-02-06 16:20:56
Чоон рахмат,"Юристтин кенеши" болумун ачкан ишинерди абдан мыкты деп айтса болот!Азаматсыз Кубаныч Сыдыков сизге ийгилик!!!
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан