Роза Аманова, КРнын Эл артисти: «АПАМ КҮН НУРУНДА ЭС АЛЫП ОТУРГАН БОЙДОН КЕТЕ БЕРДИ»

Салттуу музыканы даңазалап, өнөргө жан дили менен кызмат кылып келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова жакында эле Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болду. Эжеге алган сыйлыгыңыз кут болсун демекчибиз. Роза Аманова бүгүн биздин төрдөн орун алып, апасы тууралуу кенен маек куруп берди.

“БАЛАЛЫГЫ СОГУШ ЖЫЛДАРЫНА ТУШ КЕЛГЕН”
– Апам – Чоңмурун кызы Мария 1922-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Шопок айылында комузчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Балдардын туну болгон экен. Жаш
мезгили каардуу 40-жылдарга туш келген. Азыркыдай каалаган жумушун аткарбастан, ал замандын жаштары эгин жыйнап, буудай, арпа сапырып кырмандын
ишин кылып, айтор, айыл башчысынын айтканын эки кылбай аткарууга аргасыз болушкан. Фронттогу тууган агаларынын, аталарынын аман келүүсүн Кудайдан тилеп, түнкүсүн жүн тытып, ийик ийрип, аскерлерге жылуу кийим, байпак токуп жөнөткөн убактары болгондугун бизге айтып берчү.
Согуштан кийин колуна комуз кармап Жалал-Абаддагы театрга иниси, айтылуу комузчу Жусуп Чоңмуруновдун чакыртуусу менен артист болуп да иштеген. М.Мокеев, М.Өмүркановалар менен бир курдай концерттерге бирге чыкканын эскерип айтып калчу. Атам – Аманов Асанга жолуккандан өнөр жолу буулуп, балдарды тарбиялап, үйдүн куту болуп отуруп калыптыр.

“МЕНИН ЫРЫСЫМ” ДЕП ЭРКЕЛЕТЕР ЭЛЕ”
“Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет, жакшы атка жаман ат жалы менен теңелет” дечү. Апам жарыктык бирөөнүн бар турмушуна, жеткен ийгилигине көз артканды жаман көрөр эле. “Ар пенде маңдайга жазганын көрөт” деп бизге дайыма айтчу. “Турмуштабы, чыгармачылыктабы, ийгиликтер ар дайым эмгектин гана артынан жаралат” дээр эле. Апамдын мага айткан “эч качан, эч кимди атаандашым деп ойлобо, мезгилден өткөн атаандаш табылбас, бир да күнүңдү, убактыңды бош кетирбе, эмгектен жана эмгектен” деген накыл сөзү качан да болсо жүрөгүмдө. Анын эмгекчилдигин, меймандостугун, адамгерчиликтүүлүгүн жана башка бир топ сапаттарын алып жүрүүгө колумдан келишинче аракеттенем. Апам ар качан “айланып”, “кагылып”, мени дайыма “менин ырысым” деп эркелетер эле.

“НАНДЫ ӨЗҮ ЖАСАГАН КЕМЕГЕДЕ БЫШЫРЧУ”
– 1979-жылы атам каза болгондон кийин үйдүн, балдардын бүтүндөй түйшүгү толугу менен апамдын моюнуна өттү. Ошол жылдары биздин үйдүн кемегесин апам өз колу менен жасаганы эсимден кетпейт. Ак топуракка эчкинин жүнүн кошуп тебелеп, аны ачытып, курбу кемпирлери менен калыпка келтирип, анан таякемди чакырып келип орноткон болчу. Азыр андай кемегени эч жерден көрбөйм. Ал кемегеде этин да кургатчу, казанга нанын да жапчу, чогуна бизге дүмбүл бышырып берчү, айтор, таң эртеден күүгүм кечке чейин кемеге бизге кызмат кылчу. Апам болсо биздин камыбыз менен аны тегеректеп эле жүрчү. Кемеге жөнүндө сөз болгон соң анда кайнаган чай менен апамдын эсте каларлык куймактарын унутта калтыруу мүмкүн эмес. Куймакты дайыма жаңы тартылган каймак менен жечүбүз. Апамдын жапкан нанынын даамдуусун айт! Жаңы бышкан нанды сары майга мыкчып берчү, ошол даам өмүр бою таңдайда калды, унутуу мүмкүн эмес. Айтылуу акын Турар Кожомбердиевдин “От өчпөгөн коломто” деген ыры менин апамдын образын, ошол мезгилди көз алдыга алып келет.

 “ЭНЕ БЕРГЕН ТАРБИЯНЫ ЭЧ БИР ИНСТИТУТ БЕРЕ АЛБАЙТ”
– Таң эртеден түн киргенге чейин ар кимибиздин аткара турган жумушубуз болор эле. Уйду бадага кошмой, суу алып келмей, эшиктин алдын шыпырмай, чөп жулуп келмей, чөп кертмей, кесме кесмей дегендей. Азыркы учурдагыдай даяр кесмелер түгүл, кесме кесчү машиналар да жок эле ал кезде. Аны кургатып кайра куурумай, уй саамай, тоок карамай, айтор, бала болуп ашыкча ойногон күндөрүмдү эстей албайм. Ошол кездеги үй-тиричилик иштери үчүн апама мен азыр ыраазы гана болом. Ал кишинин жашоомдогу эң чоң тарбиясы, эмгекке тарбиялагандыгы экенин түшүндүм. Мындай тарбияны эч бир институт бербейт.
“Аттиң, азыр апам мени жазалап турганда!..”
– Албетте, бала болгон соң тентектик кылган учурлар менде да болгон. Бирок үйдөгү майда-барат иштерге караганда, айткан дастандарын убагында жаттай албагандыгым үчүн, комуздун кайрыгын жеткиликтүү черте албагандыгым үчүн кадимкидей капа болор эле. “Адам болсоң экен” деп көп айтар эле. Жокчулукка, жетишпегендикке карабай, ар дайым жашоосуна ыраазы боло жайдары жүрчү. Кабагы бүркөлгөндө эле бир нерсени туура эмес кылганымды сезчүмүн. Аттиң, азыр апамдын жазасы болгондо, көптөгөн алгылыктуу иштер жасалмак!

“УЗ ЭЛЕ”
– Апам өзү абдан өнөрлүү жан эле. Комуз чертчү, жамактатып ыр да кошчу, жомок-дастандарды жатка айтчу. Шырдак, ала кийиз жасаган, сайма сайган, кийим токуган жагынан да мыкты болчу, айтор, колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Ургаачы киши жогоруда айтылган иштерди жасай билүүсү абзел экенин көп айтчу.
Адам болуп төрөлгөн соң дүйнөдөн кайтуу деген да бар экен. Апам “жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп алсын” дечү, тилегениндей эле күн жаркыраган, өзгөчө жылуу кыш күндөрүнүн биринде, 1997-жылы 78 жаш курагында сыртка чыгып күндүн нурунда эс алып отурган бойдон кетти.
Бир кезде үмүт артып көптөн-көп ишенген кызынын филармонияга батпай келген көрүүчүлөрүн, дүйнө аралап койгон концерттерин, ошондой эле илимий иш-чаралардагы ийгиликтерин көрсө болмок деп өкүнөм. Тирүү кезинде көп нерсе кыла албадым, анын баары көкүрөктө...

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Gulzhan
2012-02-06 15:55:27
Таланттуу айым. Ишинизге ийгилик.Эне жонундо айтсак,тугонгуз нерсе,соз жетпейт.
0
jyrgal-2
2012-02-07 12:39:44
Talantuu aiym, kop boldu sahnaga chykpai kaldy.
0
Jaryk78
2012-02-07 19:30:54
апеейй эсептеп корсонор анда апасы 52 жашында торогон болуп калабы? Анан да эжекебиз озунун жашы 60ка кирип калгандай интервью бериптир.....озу73эле жылкы болсо...уже цивилизация....болуш кк болчу го.....айтышат го атасы Таластык озу Токтогулда чонойгон кыскасы суруштуро келсе тушунбоочулук болуп атат
0
Narynbek
2012-02-07 22:52:49
Кыргыздын таланттуу кызы.чыгармачылыгыңызга ийгилик.Эне жөнүндө айтсам эне дүйнөнүн жети кереметинин бири го!
0
nurik0911
2012-02-08 14:14:21
Ушундай айымдар коп болсо го. Ишинизге ийгилик!
0
nurik_aida
2012-02-09 06:26:24
раза эже акыркы кундору эл козуно корунбой сахна жаатынан алыстап кетти.уну мукам,ырлары жагымдуу комузга чебер эжебиз уй жумуштарынан колу бошобой жаткан чамасы..эмнеси болсо да бар болунуз эже анча мынча эл козуно корунуп турунуз..иштеринизге ийгилик!.апакениздин жаткан жери жайлуу болсун!..биз сиз менен сыймыктанабыз..
0
Ханбийке
2012-02-12 01:21:53
Ийгилик сизге онор адамы деп сизди айтат, ырдаган ырларыныз айткан дастандарынызды журоко жеткире айтасыз, сиздин дастандарынызды угуп жатканда кадимкидей калтырап кетем
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан