Ырчы Дайыр Исмадияров бул жолу көнүмүш сүйүү темасынан алыстап, «Досторум» деп аталган жаңы ырына клип жаратты...
Аталышы –
«Досторум»«БЕКЕР ТАРТЫЛДЫ»
– Клиптин негизги мазмунун дос балдардын жолугушуусу түзөт. Бири дарыгер, бири спортчу, дагы бири журналист болуп иштеп,
жумуш күнү аяктаган соң жолдоштор чогулуп биргеөткөргөн кызыктуу күндөрүн эскеришет.
Буга чейинки клиптеримдин баарынын сценарийин өзүм жазчумун. Бул ирет да клиптин мазмунуна тиешелүү жоопкерчиликти колго алгам.
Клипке тартылган балдардын баары чыныгы жашоомдогу досторум. Алар тасма аянтында гана мага жардамга келбестен, клип досторго арналып тартылып жаткандыктан, кеткен каражатын да өз моюндарына алышты. Каражат маселесине алыста иштеп жүргөн досторум да чоң салым кошуп, бир жарым миң доллардын баарын өздөрү төлөштү. Ошентип, «Досторум» мен үчүн бекер тартылган клип болуп калды.
Негизги бөлүгү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жана шаарыбыздагы түнкү клубдардын биринде тартылды.
«Тартуудагы кызыктар...»
– Түнкү клубду, болгону, үч саатка ижарага алган элек. Анын бир сааты эле кечигүүлөргө кетип калды. Эми тарталы деп карасак столубуз бош. Анткени ал жердин ашканасы күндүз иштебейт экен. Бири салат алып келгени кетсе, дагы биринин көйнөгү бырышып, кайра үтүктөгөнү кетип калыптыр. Ошол жерден жинденгенимди айтпа. Кыздын жигитти жаакка чапкан жери бар да, убакыт тартышта ошол кадрды 20 жолу тарттык. Сонун эле чабат да, артынан күлүп жиберет. Тиги баланын бети кыпкызыл болуп чыкты. Ошентип, клипке тартам деп кыздарга жаакка чаптырып, досумду карап тура бердим.
Менимче, клип жакшы эле болду, бир гана жеринде «ляп» бар. Аны көрүүчүлөргө табышмак катары калтырайын, ал клипте менин
колумдагы телефонго байланыштуу.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg