АКЧАЛАЙ ПИРАМИДАДАН БАЙЫГАН АДАМ БОЛГОН ЭМЕС

“Сизди маяналуу иш күтөт” деген жарнамаларды көрүп эле жүрсөңүз керек. Булардын көпчүлүгү биз сөз кыла турган акчалай пирамида болушу мүмкүн. Акчалай пирамида (тармактык (сетевой) маркетингдин бир түрү) деген эмне? Алардын торуна кантип түшпөө керек? Кеп ушул тууралуу.

АЛАР КАЙДАН ПАЙДА БОЛГОН?
Жөнөкөй тил менен айтканда, акчалай пирамида – бир долбоор менен иш алып барып, башка адамдардын каражатын чогултуу менен алектенген компаниялар. Мисалы, бир адамдын алдына дагы бирөө иштеп акча чогултат, ал дагы таанышын алып келет, ошентип чынжыр улана берет. Бирок компанияга жазылуу үчүн көп суммадагы акча төлөнөт. Эгерде товарды өткөрүп, чынжырды улай албай калса, каттоодон өткөндөгү акчасы күйүп кетет. Дүйнөдөгү эң алгачкы акчалай пирамидалардын бирин шотландиялык Жон Ло аттуу финансист 1717-жылы ачкан. Анын компаниясы 1720-жылы бүткүл Францияны «тоноп» кеткен. Ал эми АКШда Чарльз Понци аттуу италиялык эмигрант 1919-жылы испаниялык бизнесмен досунан эл аралык купон алып, андан чоң алдамчылык схеманы ойлоп тапкан. Ал эми Кыргызстанда акчалай пирамиданын алгачкы карлыгачы «Рентон групп» компаниясы болгон. 2000ден ашуун адамдын арызы менен “197 миллион сом зыян келтирди” деп компаниянын башчысы Эдуард Пак камакка алынган. Соттун чечими менен ал жоопко тартылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

БҮГҮН БАР ДА, ЭРТЕҢ ЖОК
Мындай долбоорлор көбүнчө банкрот менен аяктайт. Долбоордун башында тургандар акчасын алып качып кетишсе, чынжырдын аягындагы адамдар чогулган суммадан болгону 10-15 пайыз кайрый алышат. Башкалар пирамиданын чокусунда турган адамга гана иштеген болуп калышат. Долбоор банкрот болсо, каражатты кайрып беришеби, жокпу, буга эч ким жоопкерчиликти албайт.
Мисалы, орусиялык атактуу “МММ” акционердик коомдун жетекчиси Сергей Мавроди 2003-жылы камакка алынып, укук коргоочулардан качып жүрүп, 2007-жылы аябай чоң суммадагы алдамчылык кылгандыгы үчүн соттолгон. Камактан чыккан соң кайра эле мурунку бизнесине киришкенин учурдагы түстүү жарнамалардан байкоого мүмкүн.
«МММ-2011» деген аталыштагы “МММ” – пирамидага кошулуу” деген жарнамалар Кыргызстанда гана эмес, Беларуста да пайда болгону маалым. Өзүн Мавроди деп тааныштырган адам бардык каалоочуларды акчалай пирамида “МММ-2011ге” кошулууга чакырат. Бул долбоор облигация аркылуу иш жүргүзөт. Облигацияны сатып алган адам чынжырды улоо үчүн өзүнөн кийин киши жаздырууга тийиш. Көп адам катталган соң долбоор өзүнөн өзү жок болуп кетет.

Эрнис Айбек уулу, Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары:
- Акчалай пирами­данын тузагына кабыл­гандар бизде көп. Мындай пирамидалардын катышуучулары көбүнчө тааныш, тууган-урук болушат. Алданып калган соң арызданалы десе, кээ бир уюштуруучулары эч жерде катталбаган болуп чыгат. Жаңы катышуучуларды тартуу максатында айрым уюштуруучулар атайы кымбат баалуу кеңселерди ачып, биринчи катышуучуларга көбүрөөк суммада акча кайтарып берип, элди үгүттөшөт. Тилекке каршы, мындай иштердин кээ биринин бети ачылбай калат.
Акчалай пирамидалардын бири – “Рентон групп” ЖЧКсы. Бул компания жалаң гана облигациялар жана векселдер менен иштеген. Ал эми ал облигациялары жана векселдери жөнөкөй гана кагаздар болуп чыкканы маалым. Учурда “МММ” пирамидасынын алып барып жаткан ишмердүүлүгү да акчалай пирамиданын схемасын элестетет. Ошондой эле “Даймонд” аттуу кымбат баалуу таштарды сатуу менен алектенген компаниянын алдамчылыгынын бети да ачылган. Сапфир деп сатылган асыл таштары чынында жасалма болуп чыккан. Мындан тышкары дагы 1,5 миң асыл делинген таштар да жасалма экендиги аныкталган. Ушундан улам “Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү” деген статья менен 4 адамга кылмыш иши козголгон.
Дагы бир мисал, 2009-жылы Ош облусунун Ноокат районунда пирамида ыкмасы менен элден мыйзамсыз акча чогултуп, аларга бонус төлөө иштерин жүргүзүү менен алектенген “Интернационал” коомдук фонддун ишмердүүлүгү токтотулуп, кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш иши боюнча “Интернационал” коомдук фондунун мыйзамсыз жүргүзгөн аракетине 801 адам кошулуп, жалпы 88 миллион 433 миң 400 сом акча каражатын каттоодон өткөргөн. Пирамиданын башында турган үч аял камакка алынып, жоопко тартылган. Ошондой эле “Кg мир” аттуу коомдук бирикме 2010-жылы пайда болуп, ага 608 адам катталып, анын ичинен 39у арыз менен кайрылган. 2 уюштуруучу жоопко тартылып, бири психиатриялык ооруканада.

АЛДАНЫП КАЛБОО ҮЧҮН АКЧАЛАЙ ПИРАМИДАЛАРДЫН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИН БИЛЕ ЖҮРҮҢҮЗ:
1) Сатылуучу товардын жоктугу. Эгерде сизди чакырып жаткан компаниянын сатууга эч кандай продукциясы жок болсо, бул – акчалай пирамида. Буга мисал, убагында чоң атакка жеткен “Рентон групп” жана “МММ” компаниялары жалаң гана облигация менен иштешкен.
2) Эгерде долбоордун максаты башкаларды ишке тартуу жолу менен киреше табуу болсо.
3) “Сыйкырдуу товарлар”. Мисалы, сизге Таиланддын Зимбабва плантацияларында өскөн бардык оорудан арылта турган сыйкырдуу чөбүн 500 долларга сатып алып, кайра башкаларга сатууну сунушташат. “Аны ичкен соң болгон оору-сыркоодон арыласың” деген сөздөрдү да айтышат. Чынында, ал чөп килограммы 25 сом болгон бака жалбырагы болуп чыгышы толук ыктымал.
4) “Үйдө жатып эле байы” деген система бул – акчалай пирамида менен алектенгендердин эң көп колдонуучу чакырыгы. “Бүгүн жазылыңыз, эртең кеч болуп калат” деген чакырууларга алданбаңыз.
5) Маркетинг – план жок (сиз маяна алчу жол түшүнүксүз) болсо да шектенүүгө болот.
6) Уюштуруучулары, жетекчилиги жөнүндө эч кандай маалымат жоктугунан да шектенсеңиз болот. Башчынын аты-жөнүн жашырышса же сиз өмүрүңүздө укпаган чет элдик жарандардын аттарын аташса. Мындай компаниялардан сак болуңуз.
7) Эч кандай түп-тамыры жок убадаларды берүү. А бирок көпчүлүк эмоцияга берилип кеткени сыр эмес. Көбүнчө мындай алдамчылыктарды сөзмөр, адамдын психикасын жакшы билген адамдар жүргүзүшөт жана максатына жетишет.

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор:
- Акчалай пира­мида бул – жаңы рыноктук экономикага өтүп жаткан өлкөлөрдө жугуштуу оору катары түптөлүп келе жаткан вирус деп атоого мүмкүн. Мисалы, бир нече миллион доллар жеп, карапайым элдин чөнтөгүнө залал келтирилет. “Рентон групптан” запкы жегендерге ал чыгым кайра эле өздөрү төлөгөн салыктардын эсебинен, мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилген.
Менин оюмча, акчалай пирамидаларга жол берүүнүн өзү – коррупциянын эң оор түрү. Бирок, тилекке каршы, биздеги кылмыш статьялары өтө эле либералдуу. Аны күчтөнтүш үчүн кылмыш иштерине тийиштүү статьяларды кайрадан иштеп чыгуу керек.
Биз гумандуубуз, кечиримдүүбүз” деген жасалма идеология менен мамлекеттик деңгээлдеги кылмышкерлерди өзүбүз жоопкерчиликтен куткарып жатабыз. Кыргызстан бул системаны башынан өткөргөн эмес. Ушул себепке байланыштуу бул илдет – президенттерге чейин жуккан оору. Юридикалык жана экономикалык жактан сабатсыз болгондуктан, мындай көрүнүштөр кайталанып келет. Качан “өзүмдү-өзүм багам” деген принципке өткөндө гана бул көрүнүштөрдөн арыла алабыз. Тилекке каршы, айрымдар бат эле байып, бирөөнүн акчасын жегиси келет. Бул нерсе акчалай пирамидага эң негизги жол берүүчү нерселердин бири.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kagan
2012-02-06 16:08:24
ыРахмат!!! кеңешиңиздерге...
0
success
2012-02-07 23:44:47
kyzyk eken!!! )
0
baibolot71
2012-02-10 00:44:09
Даймонд деген компанияга жазыл деп мени канча айтышты мен ошондо сезгем,бекер эч ким байып кетбешин.Мага Замир,Фарида,Чынар,дегендер жабышып журду эле жазыл деп,эми оздору качып калышыптыр ал жактан.
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан