ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-февралдан 12-февралга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Аптанын башында маанилүү чоң ишти баштоону же бүтүрүүнү кийинкиге калтырганыңыз оң. Себеби ишиңиздин жыйынтыгы көңүлүңүздү чөгөрөт. Андыктан күнүмдүк иштер менен алектенгениңиз туура. Мисалы, спорт же үйдү тазалоо. Жеке мамилени бекемдейм дегендер сүйүктүүсүнө жагымдуу сюрприз тартуулоосу кажет.

Букачар (21.04-20.05)
Апта башында өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Бирок ага карабай баштап койгон ишти аягына чыгарууга күч үрөсөңүз, көңүл кубантарлык жыйынтыктарга ээ болосуз. Бейшемби күнү чоң суммадагы акчага чыгым болушуңуз күтүлүүдө. Ошондой эле түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөрдөн улам чыр жаралышы мүмкүн.

Эгиздер (21.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымында пландалгандарды аткарууга тоскоолдуктар жаралат. Буга үй-бүлөдө чыккан чыр да себепкер болот. Тоскоолдуктарга каршы туруп, болгон күч-аракетиңизди жумшасаңыз гана ийгилик сиз тарапта болот. Апта аягында сизди жагымдуу маанай тартуулаган шаңдуу кече күтөт жана жаңы адамдар менен таанышасыз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Жылдыздар аптанын башында сиз үчүн эч кандай оор иштердин жок экенин кабарлашат. Ал эми аптанын экинчи жарымы алдыга койгон максаттарыңызга жетүү үчүн бир топ аракетти талап кылмакчы. Өзгөчө финансы маселеси сизди бир топ түйшүккө салат. Талыкпай аракет кылып, достордун колдоосуна таянсаңыз, ийгилик сиз тарапка оойт.

Арстан (23.07-23.08)
Шашылып иш кылуудан сак болуңуз. Акча табуу үчүн аракеттериңиз ишке ашышы мүмкүн, бирок акча табам деп жаман ишке кептелүүдөн сак болуңуз. Ортодо таарыныч жаралбасын дешсе, анда түгөйлөр бири-бирин сынга алуудан алыс болгондору оң. Ал эми баш кошууну каалагандар тойду кийинки аптага жылдырышса жакшы. Апта соңунда шаар четине чыгып же алыстагы досторуңуздукуна барышыңыз күтүлүүдө.

Бийкеч (24.08-23.09)
Бул жума көп түйшүктү талап кылат. Башка жумушка которулуу, акча каражатын жумшап иш баштоо жана башка жакка көчүү сиз каалагандай болбой калышы мүмкүн. Түгөй издеп таанышам дегендер кыялындагыдай адамга жолуга албайт. Шейшембиде сизге белек тартуулашат. Ишемби – эски достор менен жолугушчу күн.

Тараза (24.09-23.10)
Иштериңизди бүтүрүү үчүн бирөөдөн жардам, колдоо күтпөңүз. Болбосо жакынкы күндөрдөгү максатыңызга жетпей калышыңыз ыктымал. План түзүп, өзүңүз аткарууга күч жумшаңыз. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен жылуу мамилени сактаңыз. Бейшембиде сапарга чыгууга, жекшембиде конок күтүүгө туура келет.

Чаян (24.10-22.11)
Мурда жумуш боюнча бирөөлөргө жана өзүңүзгө өзүңүз убада кылган иштериңизди бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үйдөгү чарба иштерине көңүл буруп, тиричилик буюмдарын сатып алууга ыңгайлуу апта. Ошондой эле акча жаатында алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз. Аптанын экинчи жарымында романтикалык окуяга туш болосуз.

Жаачы (23.11-21.12)
Бул аптада кече, иш-чаралардан оолак болуп, ишиңизде кандайдыр бир маанилүү чечимди кабыл албай турганыңыз оң. Ортодо түшүнбөстүктөр жаралып, кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Апта ортосунда документ же акча жоготуу коркунучу бар, сак болуңуз. Жума күнү алыстан туугандар келиши ыктымал. Ден соолугуңуз начарлап кетиши күтүлүүдө, андыктан өзүңүзгө кам көрүңүз.

Текечер (22.12-20.01)
Аптанын башталышындагы ишиңиздеги аракеттер ийгилик алып келбейт. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер болот. Мындай учурда жалгыз табият кучагында болсоңуз, чырдын ырбап кетишинен алыс болосуз. Андыктан тыныгуу алып, эс алганыңыз оң. Үй иштери менен алектенүүдө денеңизге оор жаракат келтирип алууңуз мүмкүн экендигин жылдыздар эскертишет. Аптанын экинчи жарымында жашооңузда өзгөчө бир бурулуштар болуусу күтүлүүдө. Апта соңу айымдар үй жасалгаларын сатып алууга ыңгайлуу учур.

Суупери (21.01-19.02)
Аптада коомдо баркыңызды бекемдөөгө жана материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тилектерди ишке ашырыш үчүн жакшы кеңешчиге таянуу оң. Апта соңунда документ иштерине так болуп, мыйзам чегинен ашпай иш кылууга жылдыздар кеңеш беришет.

Балык (20.02-20.03)
Апта ичинде баары ойдогудай болуп, жаңы күч менен алдыга умтуласыз. Тааныштарыңыздын ичинен чөнтөгүңүзгө карап мамиле кылгандар ким экенин билесиз. Бардык аракетиңизди жумшап, ички туюмуңуз менен иш кылсаңыз, аптада бакыт кушу колуңузга конот. Сүйүү жаатында жаңы таанышуу күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан