КҮЙҮК

БИРИНЧИ ЖАРДАМ

• Күйүктүн кайсы түрү болбосун адамды күйүктүн очогунан бошотуу (же алып чыгуу) керек. Мисалы, адамдын кийими өрттөнүп жатса, отту өчүрүү зарыл. Адам казандагы сууга же чоктун үстүнө кулап кетсе, анда дароо алып чыгуу керек.
• Шар аккан муздак суунун агымына күйгөн жерди 15-20 мүнөт тосуу кажет. Болбосо адамдын үстүнө муздак сууну 15-20 мүнөт тындырбай куюп туруу зарыл.
• Күйгөн кийимди акырындык менен чечүү зарыл. Эгер кийим күйгөн жерге жабышып калса, анда кийимди чечпөө керек. Анткени күйгөн жердеги терилер кийим менен кошо сыйрылып, тери алдындагы нервдерге, тарамыштарга ого бетер доо кетет.
• Күйгөн жерди бинт же таза мата менен жеңил таңып, ооруканага жеткирүү зарыл. Оорулууга ооруну басуучу дары (анальгин, пенталгин, кетанол ж.б.) ичирүү туура. Эгер адамдын көп жери күйсө, анда таза шейшепке чулгап, 1 литр сууга 1 аш кашык туз кошуп ичирүү зарыл. Газдалбаган суулар да жарай берет.
• Күйүктүн ордунда пайда болгон барсылдактарды жарбоо керек. Анткени ал жер ачык калып, түрдүү микробдор кирип ооруну күчөтөт.

ЖЕҢИЛ КҮЙҮКТӨ ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУГА БОЛОБУ?

• Эгер адамды ооруканага алпарууга мүмкүн болбосо жана күйүк I, II даражада (жеңил күйүк) болсо, анда алгач күйүктүн үстүн перекись водород менен жуу (үстүнө куюп) керек. Анан ал жерди кургатып, күйүктүн үстүнө фурациллинди (же стрептомицин, левомеколь, синтомицин) жаап, медициналык жактан тазаланып- жуулган бинт менен таңуу керек. Эскерте кетчү нерсе, жаш балдардын жана кары кишилердин организми назик, сезгич келгендиктен, баары бир ооруканага алпаруу керектелет.
• Эгер күйүк III же IV даражада (терең күйүк) болсо, анда адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Анткени тери менен кошо булчуңдар, кан тамырлар, нервдер күйөрүн эске алуу зарыл. Мындай даражадагы күйүктү өз алдынча дарылоо майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келет.

АПТЕЧКАДА ЭМНЕЛЕРДИН БОЛУШУ ШАРТ?

• Үйдөгү, машинадагы аптечкада күйүккө каршы дары-дармектердин (аэрозолдордон, мисалы, лиоксазоль же, олазоль же пантенол, дары майдан "Спасатель", гелдерден апполо, антисептикалык даяр эплан салфеткасы, күйгөн жерди жууп- тазалоо үчүн перекись водороду)болушу шарт.
• Медициналык жактан жууп-тазалоодон өткөрүлгөн бинт.
• Ооруну сездирбөөчү дарылардын (же пенталгин, же анальгин же кетанол) жана тынчтандыруучу дарылардан валидолдун болушу кажет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elif
2012-02-07 16:44:20
aptechkani-dari kutusu desek bolot jana furatsilindi jaapbaybiz,siypaybiz.
0
erkumar
2012-02-08 19:38:54
Эч качан зубный паста сыйпабагыла,андан пайда жок.
0
Tokmok
2012-02-09 18:54:17
Күйүктүн кайсы түрү болбосун адамды күйүктүн очогунан бошотуу (же алып чыгуу) керек. Мисалы, адамдын кийими өрттөнүп жатса, отту өчүрүү зарыл. Адам казандагы сууга же чоктун үстүнө кулап кетсе, анда дароо алып чыгуу керек.------ Bul jazylgan jerinde daroo alyp chyguu kerek,degen emnesi abdan kuldum. Jok alyp chykbaibys dagy bir az kuiyo tursun dep tashtap koimok bele :) kyzyktai jazylyp ka
0
Asus84
2012-05-04 09:06:25
хаа бир аз куйук жонундо аз жазылып калыптыр ээ
0
Bektur92
2012-08-27 23:32:19
биринчи жардамды окудунарбы...ал нерсени жинди адамда билсе керек..сууга тушсо чыгаратда..куйуп жатса очуротт да...биз билбеген нерселерди жазсанар болмок.....
0
kgMM
2013-02-05 23:13:48
Андайдан кудай озу сактасын.Эч качан эч ким куйбой эле койсунчу,,бирок жакшы кенештерди калтырыпсынар рахмаат силерге.
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан