БЕТТИН КЫЙШАЙЫП КАЛУУСУ ЖЕ НЕВРИТ

Оорубай-этпей эле жүргөн адамдын бир күнү бетинин бир жагы, тагыраак айтканда, көзү менен оозу кыйшайып калган учурлар кездешет. Мындайда илгеркилер жин-шайтан даарып кетти деп бүбү-бакшыларга эмдетишчү. Ал эми медицина бул ооруга кандайча түшүндүрмө берет? Жооп издеп Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун вертеброневрология бөлүмүнүн башчысы Атыргүл Чекировага кайрылдык.

“ООЗ, КӨЗДҮН КЫЙШАЮУСУНУН СЕБЕПКЕРИ – СУУКТА ЖЫЛАҢБАШ ЖҮРҮҮ!”
– Сиздердин бөлүмдө кандай оорудан жабыркагандар дарыланат?
– Инсульт, омуртка аралык грыжа, остеохондроз, полиомиелит (шал оорусу), Паркинсон (калтыратма шал оорусу), неврит оорусу (ооз менен көздүн кыйшайып калуусу) менен ооругандар, ошондой эле башынан же жүлүнүнөн жаракат алгандар, баш мээси чайкалгандар келип дарыланышат.
– Бизге окурмандардан неврит оорусу тууралуу каттар келген. Маекти ушул оору жаатында улантсак...
– Неврит бул – беттин бир тарабындагы көз менен ооздун бир жакка кыйшайып калуусу. Негизги себеби – сууктан, шамалдан беттин перифериялык нервинин сезгениши. Мисалы, адам кышында суукта жылаңбаш жүрсө, же жайында же жазында ачык терезенин түбүндө уктап калса, бет нервдери сууктан улам сезгенет. Уктап турса эле бир жагы кыйшайып калган болот. Ошондуктан неврит – "ачык форточка синдрому (оорусу)" же "жылаңбаш жүрүү синдрому" деп да аталат.
– Ушинтип ооруп келгендер көп кездешеби?
– Ооба. Кышкысын жаштар көп кайрылышат. Алар көбүнчө жайы-кышы жылаңбаш жүрүшөт да. Мисалы, азыр бир жигит дарыланууда. Ал башын жууп туруп көчөгө чыгып кеткен экен. Жакында эле эки жигит ушундай диагноз менен түшкөн. Бири башын жууган соң "свиданиеге" кетип калса, экинчиси кечки убак чачтарачканадан чыгып, суукта үйүнө жылаңбаш, жөө жеткен экен.
Жайкысын болсо машина айдаган жаштар да, чоңдор да түшөт. Алар "ысыкта машинанын терезесин ачып башымды шамалга тосуп айдагам, эртең менен турсам эле ушинтип ..." дешет. Ошондой эле ачык терезенин түбүндө уктап калып невритке чалдыккан аялдар, эркектер келишет.
Айта кечтү нерсе, жайында катуу иштеген кондиционердин жанында дайыма отуруу да невритке жеткирет. Андыктан муну да эске алуу керек.
– Суукка урунуудан тышкары ооруну дагы эмнелер козгошу мүмкүн?

Бактериялар. Бронхит, ангина, отит (кулак оорусу), пиелоневрит (бөйрөктүн сезгениши), цистит, кызыл жүгүрүк оорусу өтүшүп кетсе, ооруну козгоочу бактериялар бет нервдерин жабыркатып, невритти жаратат.
Аталган оорулардын бактериялары организмде кан менен ары-бери жылып жүрүп, бет нервдерин сезгентиши ыктымал.

Вирустар. Адам сасык тумоо, ОРВИ, учукка (герпес) чалдыкканда дарыланбаса же толук дарыланбай калса, аталган оорунун вирустары невритти жаратат.
Анткени бет нерви кулак артынан башталат. Тамак, кулак оорусунда инфекциялар ал жерге бат жетет да, невритти жаратат.

“БЕТ НЕРВИ СЕЗГЕНГЕНДЕ БЕТ БУЛЧУҢДАРЫ ШАЛГА АЙЛАНАТ”
– Оору кантип башталат? Негизги белгилери кандай?
– Бет нерви сезгенсе, ал өзү тууралуу кабарды кулактын артынын оорушу менен билдирет. Кээде оорубай эле, бет жөн гана чымырашы мүмкүн. Бет нерви беттеги булчуңдардын баарын көзөмөлдөп, иштетет. Сезгенгенде булчуңдар толук эмес түрдө шалга айланат. Беттин сезгенген бир жагы кыймылсыз болуп, көз, ооздун бир жагы кыйшаят. Адам көзүн жумуп-ача албай калгандыктан, көзгө түрдүү инфекция кирип, сезгенип, жаш токтобой калат. Ооздун да булчуңу иштебегендиктен, тамак ичсе оозунан чууруп куюлат. Чекедеги бырыштар жазылып кетет.
Эгер беттин тартылуусу, чымыроосу же кыймылсыздыгы билинсе, дароо невропатологго кайрылып, ооруканада жатып дарылануу зарыл. Врач анализдерди тапшыртып, нервдерди атайын текшерүүдөн (реограмма, миограмма) өткөрөт же компьютердик томографиядан өтүүнү да сунушташы мүмкүн.

“УБАГЫНДА ДАРЫЛАНБАСА, БЕТ КАЛЫПКА КЕЛБЕЙТ”
– Дарылоо кандайча жүргүзүлөт? Канча убакытка созулат?
– Беттин кыйшаюусу – кайра калыпка келчү абал. Оору билинери менен келсе, 3 ай дарылап, адамды биротоло сакайтууга болот. Анткени жаңы кезинде булчуңдар биротоло ката элек болуп, иштөөсүн калыпка келтирүү жеңил. Анан 6 ай сайын 1 курстук дарылоодон өтүп турат.
Эгер бүбү-бакшыга көрүнүп жүрө берип кеч келсе, анда оңдоо өтө кыйын. Ал тургай кыйшайган бет ошол бойдон калып кетиши да мүмкүн. Себеби булчуңдар биротоло катып калат. Бир мисал, бизге жашы 60ка жакындап калган жалал-абаддык аял келген. Бүбү-бакшыдан айыгуу тилеги таш капканда гана бизге келиптир. Канча дарылаганыбыз менен, бети калыпка келбей койду. Өкүнүп, "эми ушинтип түрү суук болуп каламбы?" деп өксүп ыйлаган. Адамдар ушул айтылгандардан мисал алып, ойлонушса дейм.
Дарылоодо сезгенүүгө каршы дары-дармектер, физиодарылоонун (токтун) түрлөрү, алтын ийне саюу, бетке парафин жабуу жана башкалар колдонулат.
– "Наркоз ойлоону, эс-тутумду начарлатабы?" деген суроого да жооп берип койсоңуз...
– Наркоз үчүн жасалган заманбап каражаттар тескери таасирлерди бербейт, организмден бат чыгып кетет. Андыктан наркоз коопсуз.
Эгер адам улам оор операция жасатып, наркоз алса, анда операциядан соң эс-тутум, ойлоо убактылуу начарлайт, бирок кайра калыпка келет. Эгер адам эс-тутум менен акыл-ойду калыпка келтирүүчү каражаттарды (көбүнчө БАД) колдоном десе уруксат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Tokmok
2012-02-09 19:58:39
jakshy kenesh eken. Birok tileke karshy vrachdarga dagy ishenim jok bolup atbaiby. Soo turgan adamdyle tetiri diagnos koiup salyshat, anan bargylary kelbeitda,ishenim jok. Akcha uchun, dokturlar dele kalp ele birdekeni jazai berishet,andai nerseler kop ele kezdeship keletat.........
0
Jaigz
2012-03-27 13:42:07
Мен неврит оору менен ооруганмын, бети оордуна келбесе, гормондорду ичип адам семирсе ошондо беттин нервтери жылып онолот.Анан бетти кыймылга келтирип ошол жаагы менен кобуроок жвачка чайнап, кыймылга келтирсе болот. Мен ушундай ыкмалар менен жакшы болгонмун.
0
saltu25
2012-05-15 14:12:41
Менин апамдын бир козу тартышып жумуп калчу болду, бир жыл болду, Бишкекте болницага корсотсок диагноз кое албай коюшту болгону лечение алып чыкты, эмне кылыш керек, айтып койгулачы...
0
joni.09
2012-06-21 21:08:39
рахмат ото керектуу кенеш экен менин бетим да ушундай болуп калды 13 кун болду слерден окуп чечтим эртен барам болницага чооооон раааааахмат!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+1
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан