ПАКИСТАНДЫК ЖИГИТ КЫРГЫЗ БИЙКЕЧИН ӨЛТҮРДҮ
Кант шаарында киши өлтүрүүгө шектүү делинип пакистандык жигит кармалды. 28-январда күндүзгү саат үчтөрдө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде 19 жаштагы Д. аттуу кыздын бычакталган сөөгү табылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында шектүү делинип Кыргызстандагы ЖОЖдордун биринде окуган Пакистандын Г.Р. аттуу жараны кармалды. Алгачкы суракта эле ал урушуп кетип өлтүрүп салгандыгын мойнуна алган. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
СОТТОРГО ДА СОТ БАР
Соттор кеңеши кезектеги отурумунда Башкы прокуратуранын үч судьяны кылмыш жообуна тартуу үчүн уруксат берүү көрсөтмөсүн карашты. Жогорку соттун маалымат кызматынын билдиришинче, Баш прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Мамасадык Абдыкалыковго, Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиевге жана Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановго көрсөтмө жөнөткөн. М.Абдыкалыковго өткөн жылдын 23-сентябрында 313-берене (жооптуу кызматты ээлеген адам тарабынан опузалап пара талап кылуу) жана 311-берене (ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ж.Эгембердиевге болсо, өткөн жылдын 11-ноябрында 313-берене жана 304-беренелери (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми М.Исмановго өткөн жылдын 28-июнунда 304-берене, 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши менен таанышып чыккан Соттор кеңеши судьялар Эгембердиев жана Исмановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун беришип, ал эми Абдыкалыковдун ишин кайра иликтемей болушту.
ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 КИШИ КАЗА ТАПТЫ
Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 29-январда саат бирлерде жол кырсыгы катталган. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, Мицубиси үлгүсүндөгү Жип менен Тойота автоунаасы кагылышып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен Тойотанын жүргүнчүсү Баш-Кара-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Н.Эркенбаев каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жеңил жараат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
ТОКТОГУЛДА БАЛА БАКЧАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ
28-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы бала бакчадан өрт чыккан. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, саат 11лерде “Шумкар” бала бакчасынан чыккан өрт имараттын 37 чарчы метр чатырын, 20 чарчы метр полун жана 2 терезе менен 3 эшигин жалмап кеткен. Тилсиз жоо электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.
ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ!
Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы ГЭС-1деги шлюзда 25-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын сөөгү табылган. Белгилери: чачы кырылган, үстүңкү сол жактан үчүнчү тишин курт жеген. Үстүндө каралжын түстөгү жинсы шымы болгон. Сүрөттөгү адам жөнүндө маалымат билгендер болсо, Аламүдүн РИИБине кабарлап койсоңуздар. Тел.: (0312) 60-30-02, 0550 21-08-68, 0555 25-0018, 0553 35-45-32.