Ырдын көркүн сөзү, обону ачса, клиптин көркүн сулуу, тамшандырган кыздар ачат. Бул жолу биз сайтыбызда көп сөзгө алынган, кызыгуу жараткан клиптердеги каарман кыздар тууралуу маалымат берүүнү чечтик.
НУРЛАН НАСИП, «ЭРКЕЛЕТСЕМБИ»
Нурлан Насип "эркелетсемби?" деп жалбарып ырдап калганда элдин баары "кандай кызды эркелетет болду экен?" деп клипти күтүп калган эле. Клип да тартылды. Нурлан жаңылган жок көрүнөт. Анын “вкусу” баарына жагыптыр. Анткени сурамжылоодон бул клиптин каарманы сыйлуу төрдү ээлеп кетти. Баамдап көрүңүз, чын эле сулуу эмеспи? Нурлан эркелеткен бул татына кыз ким болду экен?
Аты-жөнү – Алтынай Эмилбекова
Туулган жылы – 1994
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин 1-курсунун студенти
Тартылган клиптери – Кумар Асанов, "Алмашым", Jack Pot" казак тобунун "Сладкая жизнь" ыры
Алтынайдын сыйкырдуу жылмаюусу көптөгөн жүрөктөргө чок саларын өзү да жашырбайт.
"Менин жылмайганымды көптөр жактырышат. Нурлан да "жылмайып эле туруп бер" деп суранган",- деди шайыр мүнөздүү Алтынай. Тартуу учурундагы кызыктар тууралуу ал: "Өзүм моделдик агенттикте иштейм. Андыктан эл алдына чыгуу мен үчүн чоочун иш эмес. Кыйналып, толкунданган жокмун",- деген оюн айтты. Кеп гонорар тууралуу башталганда: "Ооба, гонорар алгам. Бирок бул нерсе сыр бойдон кала берсинчи. Муну коммерциялык сыр деп коёт",- деди Алтынай.
ОМАР, «ЛЮБОВЬ»
Сүйүү темасына кимдер гана кайрылбайт, кимдер арнап ыр жазбайт? Омардын да "сүйүү, сүйүү..." деп сыздаган ырын билсеңиздер керек. Канчалаган күйөрман кыздарын ыйлаткан кыргыз сахнасынын "красавчиги" Омар мырза да орусчасынан кетип "Любовь" деген ырына клип тарттырган. Кеп сүйүү тууралуу болуп турганда, албетте, клипке татыктуу кыз тандаш керек. Омардын бул максаты да ишке ашыптыр. Клиптеги Берметти жактырып добуш бергендердин саны арбын болуп, алдыңкы бештиктен орун алды.
Аты-жөнү – Бермет Бекмуратова
Туулган жылы – 1993
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти
Тартылган клиби – Азат Раимбердиев "Воспоминание"
ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ, «КАЙРЫЛБАЙМЫН»
Учурда Гүлжигит Калыков десе, ар бир кыргыздын жүрөгү толкуган заман. Ырчы
"кайрылбаймын, эми жаңылышпаймын..." деп ырдап, клибин да келиштирген экен. Андагы бийкеч сурамжылоодо алдыңкы бештикке чыгып, Гүлжигитке көрөрмандарды да тартып берди десек болчудай. Анда Асел тууралуу кеп учугу улансын.
Аты-жөнү – Асел Кудайбердиева, "Назик" тобунун бийчиси
Туулган жылы – 1990
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин 5-курсунун студенти
"Супер-Инфонун" жарнамалык ролиги менен таанымал
Эсиңизде болсо, гезитибиздин мындан мурунку сандарынын биринде Асел кыргыздын учурдагы атактуу сулуу кыздарынын тизмесине илинген. Ошондо өзүн жылдыздуу деп эсептеген бийчи үй жумуштарын катыра жасай тургандыгын айтып кеткен. Ал макаладан кийин жигити "сулуумду бирөө тартып кетпесин" деп корктубу, Аселди шарт кайырмакка илип, түбөлүккө колун кармап, ак жоолугун сала койду. Учурда көз суктанткан бийчи үй-бүлөлүү. Азыр бал айында Дубайда эс алып жүргөн чагы.
Аталган клипке продюсер Канат Култаевдин сунушу менен тартылып калган Асел: "Гүлжигит дасторконду тартып туруп идиштерди сындырган жеринде аябай коркуп, титиреп кеттим",- дейт.
УРМАТ УСЕНОВ, «БИР ЭЛЕС»
Бул каарман кызыбыз алгачкы ирет клипке тартылып жаткан жок."Камера алдында иштегенди абдан жакшы көрөм" деп өзү да баса белгилеп кеткен бул бийкеч көптөгөн клиптердин көркүн ачып жүрөт.
Аты-жөнү – Наржан Момунова, "Береке" тобунун бийчиси
Туулган жылы – 1993
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – Политехникалык институттун 1-курсунун студенти
Тартылган клиптери – Даниель, "Сүйүү керемет", "Когда я стану ближе?", Нурлан Насип, "Жоопсуз сүйүү"
Актриса болууну кыялданган Наржан клиптерге тартылууну карьерасындагы алгачкы кадам катары санайт.
"Мага клипке тартылуу аябай жагат. "Бир элес" клибине тартылуу камера алдындагы биринчи жолку олуттуу ишим болгондуктан, толкундандым, аябай кыйын болду. Клипте мен сүйгөнүмө берген жумшак оюнчук жерде жатканын көрүп, тиги кызды аябай жаман көзүм менен карап кетишим керек болчу. Ошол учурду аткарсам эле баары күлүп жиберишет же өзүм күлүп жиберип жатып кайра-кайра тарттык".
СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ, «ЭГИЗ ЖҮРӨК»
Султан клиптин көркүн ачуу үчүн сүйүктүүсү Аселге окшош кыз издеп жүрүп Рейнаны тапкан. Ооба, окшош. Клипте сүйүктүүсүнө түспөлдөш кыз тартылып жаткандыктан дагы жүрөгү жылып, Султан "Эгиз жүрөктү" берилип аткарып берген чыгар.
Аты-жөнү – Рейна Артурова
Туулган жылы – 1991
Учурда – Борбор Азиядагы Америка университетинин 5-курсунун студенти
Перизат Музуратбекова
star@super.kg