Аппак карды кырчылдата баскандын өзү эле кандай ырахат?! Нурзат Токтосунова, Гүлнур Асанова, Зарема Асаналиева, Айнура Салахидинова, Бекчоро, Азамат Арыков, Арман, Дайыр Исмадияров, Улан Султангазиев, “Не дай бох!” командасынын оюнчусу Бактияр Дастанбек уулу болуп тоого чыгып, кыш оюндарынын сазайын берип кайттык. Эс алууну эсте калчудай кылып өткөрөлү деп топтолгон жылдыздарыбыз эки топко бөлүнүп, бири “Аяз” экинчиси “Ызгаар” деп атап алышты.