КЫШКЫСЫН ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

Кыш мезгилинде адамдар терисин карап, ага көбүрөөк көңүл бурушат да, эмнегедир чач унутта калып калат.
Чынында, чач да тери сыяктуу эле сезимтал келгендиктен, кам көрүү керектелет.

ЧАЧТЫН САПАТЫ КАЙСЫ УЧУРДА НАЧАРЛАЙТ?

  • Ызгаардуу суук, ошону менен бирге бөлмөнүн ысык температурасы чачтын түшүшүнө, сынышына жана учунун ачакейленишине алып келет. Андыктан кышкысын жылаң баш эшикке чыкпоону жана бөлмө температурасын 23 градустан ашырбоону эске алыңыз.
  • Ар кандай оорулар, мисалы, тери, нерв оорулары, жыныстык жактан жугуштуу оорулар чачтын сапатын начарлатат. Мындан сырткары ар түрдүү дарыларды колдонуу да буга себепчи болот. Мисалы, кан басымга каршы, бойго бүтүүдөн сактачу жана башка оорулардын дарылары.
  • Бат-бат боёо, түздөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – чачтын көп өлчөмдө түшүп, ичкерип, ачакей болушуна алып келет. Эгер чачыңызды фендесеңиз, анда 15-20 сантиметр алыстыкта кургатууга аракет кылыңыз.
  • Чачтын сапаты жеген тамагыбыздан да көз каранды. А витамини чачтын өсүшүнө жардам берсе, С витамини чачты бекемдейт. Ал эми Е витамини көгүлтүр-кызгылт нурлардан сактап, чачты жалтыратат. Бул витаминдер балыктан жасалган тамактарда, жашылча жана мөмө-жемиштердин курамында бар.
    Алкоголдук ичимдиктерди жана кофеинди көп колдонуу да чачтын сапатын начарлатат.


КЫШЫНДА ЧАЧ ҮЧҮН МАСКАЛАР

Кээ бир айымдар чачы түшө баштаганда дароо кымбат баалуу косметикалык каражаттарды издештирсе, кээ бирөөлөр бул маселени оңой эле
үй шартында чечип коюшат. Жыйынтыгында акчасын да үнөмдөп, чачын да сактап калат. Анткени алар элдик ыкмаларды туура, так колдонгонду билишет.
Аябай жабыркаган чачтар үчүн: 3 аш кашык каймак, 1 чай кашык суу май, 1 чай кашык лимондун ширесин аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз.
Кургак чачтар үчүн: 1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө көбүрөөк басым жасаңыз. Таасир бериши үчүн жарым сааттан кийин жууңуз.
Майлуу чачтар үчүн: 1 жумуртка менен чалкандын жарым стакан тундурмасын аралаштырып чачыңызга сүйкөйсүз да, башыңызды целлофан баштык, анын үстүнөн сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Анан шампунь менен жакшылап жууп саласыз.
Морт чачтар үчүн: 200 грамм сырага 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо, каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз. 20-30 мүнөттөн кийин таза жууп салсаңыз болот.
Чачты азыктандыруучу бал маскасы: 1 аш кашык балга 1 жумуртканын сарысын, 1 аш кашык коньяк, 1 аш кашык кастор майын жана 1 аш кашык алоэнин ширесин кошуп маска даярдайбыз. Даяр болгон масканы чачка сүйкөйбүз да, целлофан баштык менен оройбуз. Аны 30-40 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен чайкап коёбуз. Балдын өзүн чачка маска катары койсо да болот.
Бардык чачтар үчүн: Айранды чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.


ТАРАКТАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

  • Жыгачтан жасалган тарактар энергиясы жок болгондуктан (магниттешпейт), күн сайын колдонууга жакшы. Мындай тарактар баштын терисине
    кедергисин тийгизбейт жана чачка абдан пайдалуу. Жыгач тарак менен чачыңызды тарап, стресстен да арылсаңыз болот.
  • Ал эми желим тарак менен тарангандардын чачтары сынып, учтары эки ача болуп кетет.
  • Темир тарактар жакшы көрүнөт. Бирок мындай таракты чачты бөлгөнгө гана колдонуу зарыл. Анткени темир тарак баштын терисине залал келтирет.
  • Массажга ылайыкталган тарактар чачка кам көрүп, чачтын түбүндөгү кан айланууну жөнгө салып, кайраттуу болуусуна шарт түзөт.
  • Цилиндрге окшош тарактарды чачты кургатууда, чачтын учтарын түздөө үчүн колдонсо болот. Андан башка убакта колдонуунун зарылчылыгы жок.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кышкысын чачка кам көрүү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
samatbekova
2012-02-07 00:37:32
Ужаас..
0
Diana-16
2012-02-07 15:28:22
ммм кыз аябай чайналып орусча суйлоптур кыйналбай кыргызча эле суйлосо болмок экен
0
Asus84
2012-02-08 10:40:57
кайран гана чачтар, мен дегеле чачымды остуро албас болдум ууфф тажадым кыска чачтан
0
Aijarkin
2012-02-10 13:28:38
Кыска чачтан тажадым кантип остуром
0
ajieva90
2012-02-12 10:30:57
Суйук чачтан тажадым кантип койултам
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан