Айнура Токтошова, PR-адис: “ИШТЕГЕНИМ АТАМБАЕВ ҮЧҮН БОЛСО, ҮЙРӨНГӨНҮМ ӨЗҮМ ҮЧҮН”

Бир кезде мугалим менен айдоочуга же куруучу менен кен казуучуга муктаждык өссө, замандын талабына ылайык, бүгүнкү күндө PR-адистерге муктаждык жогору. Коомубузга жаңыдан кирип келген кесип болгондуктан, айрым окуу жайларында атайын бөлүмдөр ачылганына карабастан, бул өңүттө мыкты адис табуу абдан кыйын. Андыктан парламенттик же президенттик шайлоо алдында чет өлкөлөрдөн мындай адистерди жалдап келип иш жүргүзгөн талапкерлер, партиялар бар. Былтыр өткөн президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин PR-кампаниясын кадимки эле кыргыздын Айнура аттуу татынакай кызы жетектеди. Мына ушул айымды конокко чакырып, PR-адистиги, анын күңгөй-тескейи тууралуу сөз кылдык.

Каарман тууралуу кыскача

Аты-жөнү – Токтошова Айнура Майрамбековна
Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн
Үй-бүлөлүк абалы – Бир баланын энеси
Кийинүүдө жактырган стили – Классика
Эгер мүмкүнчүлүк болсо, дүйнөнүн кайсы бурчунда жашамак – Швейцарияда. Эл жыкжыйма толгон мегаполистерди жактырбайт.

– Айнура, айтыңызчы, бул кесипке кайдан келип калдыңыз?
– Ата-энем мени медик катары көргүсү келчү. Бирок аны каалабадым. Улуттук университеттин филология факультетинде журналистика бөлүмү бар эле, ошого тапшырып, өтүп кеттим. Биринчи курста бизди практикага жөнөтүштү, телеге. Мени Сары-Өзөн Чүйгө бөлүштү. Барсам, Бейшенбек Мамбетакунов агай директор экен. Рита Борукееваны мага жетекчи кылып бекитти. «Cюжет тартып кел» деп жөнөтөт да. Ошолордун биринде чет жерликтер уюштуруп жаткан бир долбоор тууралуу маалымат болуп калды. Карасам, бир жарым мүнөттүк сюжетке батчудай эмес. Уюштуруучуларга кайрылдым, “жок дегенде 15 мүнөттүк баяндама кылып берели, кыска кабардын ичине ишиңерди батыра албайбыз” деп. Чет жерликтер жарнама, пиар дегенди жакшы түшүнүшөт да, “макулбуз, баасы канча?” деп сурап калышты. А менин түшүнүгүм да жок, эфирдин минутасы канча турары боюнча. Келип директорубузга айттым. Ал кубанып, “минутасы 1000 сом дей бер” деп, 15 000 сом алып келгем, ошол сюжет үчүн. Ал кезде валюта жаңы алмашкан, акчанын күчү жакшы болчу. Ал иш тууралуу унутуп деле кеткен экенмин. Дипломду алып иш издей баштаганда эстегенге туура келди.
Окууну бүттүм, эми иштейин деп КТРге барсам, баягы Б.Мамбетакунов агай башкы директор болуп калыптыр. Мени жакшы тааныйт да, дароо эле “келип иште” деди. Теледе иштегендер кандай айлык аларынан кабарым жок. “Үйүңдөн алып кетип, кайра жеткиришет, эфирге татынакай болуп чыгасың, жакшынакай кийим-кечек, түркүн косметика, визажист болот, койкоюп эле жүрөсүң...” дегендей таттуу кыялдар... Анан жумушка алуу тууралуу арыз жазып жатып кадрлар бөлүмүндө иштеген орус аялдан сурап калбаймынбы, “айлык канча?” деп. Ал “500” деп жооп берди. “Долларбы?” десем, “жок, сом” дейт. Дале толук аңдап түшүнө албай, “аа, айлыгы 500 сом болсо, жол кире, жашаганга жай сыяктуу жактардан көмөк көрсөтүүчү соцпакет да болсо керек, ээ?” деп коём. Тиги аял, “кайдагы соцпакет?!” деп сүйлөнүп калды. Шок болдум. “Мени кечиресиздер, эфирден койкоюп көрүнүп, жылдыз аталыш үчүн гана 500 сомго иштегидей миллионердин кызы эмесмин” деп кетип калдым. Үйгө келип, апам менен атама “окутканыңыздар үчүн рахмат, мына дипломум” деп көрсөтүп, аны сандыкка катып койдум да, “мен жарнама багытында иштейм. Мейли, мамлекеттик эмес, менчик ишкана болсун, бирок татыктуу жашай ала турган иште иштейм” дедим. Ошол күндөн бери ушул багытта келе жатам. Алгач жарнамалык агент, кийин менеджер болдум. “Европа+”, “Миң кыял FМ”, “Шоро” өңдүү ишканаларда иштеп тажрыйба топтодум да, акыры өзүм ишкана ачып иштеп кеттим.

– Өлкөбүздөгү эң маанилүү окуя болгон президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин PR-кампаниясын жетектедиңиз. Башынан эле жеңип чыгарына ишенген ушундай олуттуу талапкер кандайча сиздей жаш айымды тандап калды? Эркектер басымдуулук кылган биздин саясат айдыңында адатта мындай иштерди көптү көрүп, көзү каныгып калган эркектерге ишенип тапшырышчу эле...
– Мен акыркы жылдары ар түрдүү адамдардын, ири компаниялардын ар кандай кечелерин, иш-чараларын уюштуруп иштеп жүргөм. Парламенттик шайлоонун алдында партиялардан сунуш түшүп жатты, акыры КСДПнын сунушун кабыл алып, шайлоодо PR-кампаниясын жетектедим. Пиар иштери үч чоң топко бөлүнөт эмеспи: жарнамалык, социалдык жана саясий пиар. Жарнама, социалдык пиар багытында бир топ тажрыйба топтогом. Ал чөйрөдө өзүмдү суудагы балыктай эле сезем. Бирок саясий чөйрөдө иштеп көрө элек болчумун. Өзүмдү сынап көргүм келди. Ошентип, КСДП менен иштешип калдым, кийин президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин PR-кампаниясын жетектедим. Менимче, буга чейин мени менен иштешкендер Алмаз Шаршеновичке жакшы пикирлерин айтышса керек, ошончонун арасынан мага токтолгонуна караганда.

– Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланганын эске алсак, сиз жетектеген топ жеңишке жетишти. Демек, “ставкаңыз” өстү. Айтыңызчы, PR-адистер жакшы табышабы?
– Жакшы акча табыш үчүн жакшы иштеш керек. “Кулча иштеп, хандарча жаша” дейт эмеспи. Мисалы, “Миң кыял” жаңы ачылганда жарнамалык менеджер болуп иштегем. Радио жылдын башында ачылса, жыл аягында эле бир нече миллион сом тапкан, жарнамадан. Азыр күчтүү менеджери жок ыйлактап жүрүшөт, “жарнама азайып кетти” дешип.
Президенттик шайлоонун алдында медиа тармагында атактуу бир инсан сурап жатпайбы, “сага Атамбаев жакшы төлөйбү?” деп. “Аз десем, Кудайга да жакпайт. Көп деп айтсам да туура болбой калат. Чындыгында, мага азыр акча биринчи орунда эмес. Президенттик шайлоодо иштөөнү, чоң PR-кампанияны башкарууну кайсы окуу жайы окутуп, үйрөтмөк эле? Саясаттын “боткосунун” казанында өзүм кайнап көрмөйүнчө кантип үйрөнмөкмүн? Алмаз Шаршенович менин иш тажрыйбамды ала кетмек беле? Иштегеним Атамбаев үчүн болсо, үйрөнгөнүм өзүм үчүн. Дагы далай шайлоо болот. Азыр үйрөндүм, менин иштеп, акча табуучу күнүм эми келет” дедим. “Азамат, келечекти ойлоп жаткан турбайсыңбы” деп күлгөн боюнча кетти.

– Бул кесиптин ээси болгусу келгендерге кандай кеңеш бересиз? PR-адис багытында билим алып, анан баштаган жакшыбы же журналист, жарнама агенти катары иштеп, анан бул багытка өткөн ыңгайлуубу?
– Окуу жайлары эмнелерди окутуп-үйрөтөрүн билбейт экенмин. Бирок бул кесип теориялык эмес, иш жүзүндө үйрөнүү керек.

– Башкаруучу катары иштеп көнүп калгансыз. Бул адат үй-бүлө, жубайлык мамилелерде кесирин тийгизбейби?
– Мен ушуну көп айтам, эркек эркектей, аял аялдай болуш керек. Аялсыңбы? Анда сен ашкананы беш колуңдай бил, балдарга мээримдүү эне, күйөөгө күйүмдүү жар бол, анан гана сен президент, депутат же башкаруучусуң. Үйдө аял бойдон калыш керек. Башкаруучу кызматтарда жүрүп эркектей болуп калган аялдарды такыр түшүнө албайм. Мырзалардын мага аялзаты катары мамиле кылып, жактырып, сыйлап, суктангандары жагат.

– “Өзүңдү баалабасаң, башкалар баркыңа жетпейт” дешет, кошуласызбы?
– Албетте, өзүңдү баалап, барктап, күтө билүү керек. Кара башын күтө албаган адамга кантип ишти ишенип тапшырмак элең? Маал-маалы менен өзүңө белек кылып, кубантып турган деле жакшы нерсе. Мисалы, мен биринчи машинамды 8-мартта алгам. Бир ирет эрте жазда маршрутка күтүп бир саатча туруп тоңуп калдым. Ошондо суук жаныма катуу баткан экен, бир жуманын ичинде машина алып, майрамга өзүмө белек кылгам.

– МАИ кызматкерлерине көп кармаласызбы?
– Көп деле кармалбайм, кээде кур тагынууну унутуп кеткеним эле болбосо. Негизи, кыздар жол эрежелерин билип туруп бузушпайт, алар толкунданганынан улам бузушат.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
cosmopolit
2012-02-07 09:16:01
Azamaaat...
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан