КОЁН БАГУУ

КАРМООЧУ ЖАЙ
Коёнду короонун ичинде же ороо казып багам десеңиз, убарасы көп. Себеби коён жерди казып, короонун дубалын тешип чыгып кетет. Андыктан жука тактай жана темир торчодон атайын жай даярдап, ошол жайда баккан оң.

  • 10 коён болсо аларды 3-4төн бириктирип, 3 жайга кармоо оң.
  • 3-4 коёндун түнкүсүн камалуучу жайынын узундугу 1, туурасы 0,5 метр жана маңдай жагынын бийиктиги 0,7, арты 0,5 метр болсо жарайт. Ал эми күндүзү кармалуучу торчонун узундугу 1, туурасы 1 жана бийиктиги 0,5 метр болсо жетиштүү.
  • Кармоочу жайдын ичине жем-чөп жей турган аштоо, суу үчүн идиш жайгаштыруу зарыл.
  • Коёндордун алды таза болушу үчүн кармоочу жайдын алды майда көздүү темир торчо болсо жакшы.
  • Тууй турган коёндорду өзүнчө жайга кармоо зарыл. Анын узундугу 0,7 метр, туурасы 0,5 жана бийиктиги 0,5 метр болсо жетиштүү.
  • Бөжөктөрдү энесинен бөлгөндөн кийин өзүнчө багуу керек. Бул бөжөктөргө кенен жем-чөп жегенге мүмкүнчүлүк түзөт.

ТОЮТУ
Дан-эгиндерден майдаланган жүгөрү, сулу, арпа, буудай, жашылча-жемиштерден сабиз, кызылча, картошка жана чөп.
Суу. Идиштен сууну үзбөө зарыл. Кана суу ичпеген коёндун тамак сиңирүүсү бузулуп, табити жоголот да, ден соолугу бузулат. Суу жаш бөжөктөрдүн өсүшүн тездетет. Жаңы төлдөгөн коён жетиштүү суу ичпей калса, бөжөктөрдү жеп салышы да мүмкүн.
Тоют. Кыштын күнү жашылчаларды туурап, дан-эгиндерди майдалап, сууга жибитип берген оң. Чөп-чарлар гүлдөйүн деген маалда оруп алып көлөкөгө кургатып, кышкы тоют катары сактап коюу керек.

  • Коён сабиз, кызылча, картошка, капуста, ашкабак, дарбыз, коонду жана алардын кабыктарын жакшы жейт. Бирок муну ченеми менен берген туура. Көп жесе, тамак сиңирүүсү начарлап кетет.
  • Жазында жаңы өсүп келаткан чалканды ысык сууга чылап, абдан жумшаргандан кийин майдалап, ага сууга бышкан картошканы аралаштырып берүү пайдалуу. Бул коёндун бат эттенүүсүнө, бөжөктөрдүн өсүшүнө жана энесинин сүтүнүн көбөйүшүнө таасир берет. Кышкыга да кургатып даярдоо зарыл.
  • Липа, терек, кара жыгач, дуб, талдын жаш бутакчалары жана жалбырактары да пайдалуу тоют. Бутакчаларын май-июль айларынын аралыгында кыркып, кышкыга даярдоо керек. Кышында майдаланган гана жем-чөп жегендиктен, коёндор өздөрү кармалган жайдын жыгачтарын кемирип жиберишет. Андыктан дарактын бутакчаларынын тоюттан тышкаркы пайдасы ушул.
  • Базарларда сатылган аралашма тоютту (комбикорм) сатып алууда канаттууларга эмес, уй, чочко сыяктуу жаныбарларга ылайыкталганын алуу кажет. Аралашма тоют жаш коёндун башка тоюттарга болгон табитин төмөндөткөндүктөн, күнүгө 50 граммдан ашык, ал эми 2 айга чейинки бөжөктөргө такыр бербеген туура.
  • Дан-эгиндерден жасалган тамактардын (күрүч, гречка ж.б.) калдыгын да берүүгө болот.
  • Минералдык азык катары аш тузу жана майдаланган бор колдонулат. Тоютка 2 күндө бир чымчымдан кошуп берүү туура.

КОЁН ТЕЗ КӨБӨЙӨТ

  • Коён бооз болгондон 1 ай дегенде төлдөйт. 1 жыл ичинде 4-5 жолу төлдөгөнгө жетишет. Ар төлдөгөндө 6дан 12ге чейин бөжөк тууйт.
  • Коён 3,5-4 айында жетилип, 4-5 айында төлдөгөнгө жарап калат.
  • Коёндун эркегин өзүнчө жайга кармап, төлдөп, бөжөктөрүн чоңойткондон кийин гана ургаачыларына кошуу оң.
  • Бөжөктөрдү энесинен 1,5-2 ай болгондо бөлүп алуу туура.
  • Тукум берүүчү эркегин 4-5 жыл колдонууга болот.
  • Коён тууган соң 1 күндөн кийин кайра күүгө келип калат.

ТЕРИСИ

  • Коёндун терисин кайра иштетип, кийим-кечек, бут кийим тигүүгө колдонуп келишет.
  • Коён март-апрель жана октябрь-ноябрь айларында түлөйт. Сапаттуу тери алам десеңиз, коён түлөп бүткөндөн кийин союңуз.
  • Туздалып, кургатылган терисинин баасы - 5-10 сом.
  • Ашатылганы - 50-60 сом.

ЭТИ
Коён 4-5 айга чейин абдан тездик менен өсүп, салмагы 3-4 килограммга жетип калат. Мына ушул кезде аны союп алууга же сатууга ыңгайлуу. Союп, сатууга даярдаганда этинин таза салмагы 2-2,5 килограммды түзөт. Ал эми бул убактан өтүп кеткенден кийин канчалык тамактанса деле коёндун салмагынын өсүшү жайлап калат.
Коёндун тирүүсүн килограмм менен өлчөп, дүң баада 80-90 сомдон сатып алышат да, базардагыларга 180-190 сомдон сатышат.
Ал эми базарда 1 килограмм эти 250-260 сом.

КОЁН БАГУУДАН ПАЙДА ТҮШӨБҮ?
1 ургаачы коён 1 жылда 4 жолу төлдөп, ар бир төлдөгөндө орто эсеп менен 8ден бөжөк тууса, эсептеп көрөлү.
Ар бир төлдөгөндөгү бөжөктүн саны – 4 х 8 = 32 бөжөк.












Сатылып алына турган тоюттардан 1 жылда 1 жуп коён 60 килограммдан жем керектейт.
1 килограмм жемдин баасын орто эсеп менен 15 сом деп алсак, 1 жылда эки коёнго 900 сомго жем алуу керек.
Жаз айынын башында туулган бөжөктөр жайдын ортосунда этке сатууга даяр болуп калат. Жайдын башында туулгандар күздүн ортосунда, күзүндөгүлөрү кышында жана кышында туулгандар кийинки жаздын ортосунда сатууга даяр болот.
Бир жылда туулган 32 бөжөктүн 24ү сатууга даяр болсо, калган 8и кийинки жылдын башында сатууга даяр болот.
Эми 24 бөжөк орто эсеп менен 2 килограммдан эт берсе, жалпы 48 килограммды түзөт. Аны дүңүнөн алгандарга 180 сомдон сатсаңыз,
8 миң 640 сом болот.
8640-900 = 7740 сом
Бул бир жуп коёндун бир жылда алып келген кирешеси.

ЭТИНИН ПАЙДАСЫ
Коёндун этинде май жана холестерин аз болгондуктан, диеталык азык болуп саналат.
Ашказан-ичеги, боор, аллергия, гипертониялык ооруларда коёндун эти менен тамактануу сунушталат.
Сиңимдүү жана организмге пайдалуу болгондуктан, спортчулар, суучулдар, учкучтар жана адамга зыяндуу заттарды колдонгон өндүрүш ишканаларындагы жумушчулардын тамагында негизги орунда турат.
Жаш коёндун эти белокко бай. Андыктан жаш балдарга, бала эмизген энелерге жана кары- картаңдарга абдан пайдалуу.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nazika_1990
2012-02-06 16:25:43
Чоон рахмат!Ушундай пайдалуу кенештерди дагы куттобуз.
+1
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан