29-январда Австралиянын Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын 45-ачык чемпиондугу аяктады. Кызуу жүргөн мелдештин финалында эркектер арасында сербиялык Новак Жокович менен испаниялык Рафаэль Надаль кез келип, жыйынтыгында дүйнө эли жеңүүчүнү 5 саат 53 мүнөт күтүштү. Акыры Чоң Шлем түркүмүндөгү мелдештердин тарыхындагы эң узун беттеш болгон финалда Жокер жеңип чыкты (5:7, 6:4, 6:2, 6:7, 7:5 эсебинде). «Надаль экөөбүз тарыхты жаздык. Өкүнүчтүүсү, чемпион бирөө гана болот. Рафага ийгилик каалайм!»- деп билдирди чемпион. Бул Новактын Чоң Шлем түркүмүндөгү бешинчи, ал эми жашыл аралдын чемпиондугундагы 3-жеңиши болуп калды. Ал эми аялдар арасында беларустук Виктория Азаренко орусиялык Мария Шарапованы «тебелеп», Чоң Шлем түркүмүндөгү мелдештерди биринчи ирет утуп алды (6:3, 6:0). «2012-жылдын алгачкы ири мелдешинин бүйүр кызытып, жогорку деңгээлде өтүшү быйыл теннис жылы экенин билдирип жатабы?» деген жоромолдор да жок эмес.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg