Учурда Казакстандын Алматы шаарында топ менен ойнолуучу хоккей боюнча Дүйнөнүн 32-биринчилиги өтүп жатат. Кубандырганы, бул мелдешке катышып жаткан 14 команданын ичинде Кыргызстан курама командасы да бар. «С» тайпасында мекендештерибиз Япония жана Эстония командалары менен күрөш жүргүзүүдө. Кыргызстан азырынча 2 атаандашына тең 13:0 эсеби менен жеңилип калды. Бирок өзүбүздү кармап турчу жагдай бар. Анткени, мелдештин 3-4-турларында аталган командалар менен кайра оюн өткөрүп, реванш алуу менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.