29-январда Санкт-Петербургда аяктаган Шериктештик кубогунда Кыргызстан жаштар курама командасы 9-орунду ээлеп кайтты. Өз тайпасында 3 оюнда тең жеңилген мекендештер калган 3 тайпанын акыркы орунду ээлеген командалары менен 9-12-орундар үчүн көңүл жубатарлык беттештерин өткөрүшкөн. Жыйынтыгында Түркмөнстан менен Тажикстанды бирдей 3:1 жана Эстонияны 2:0 эсебинде утуп, 9-орунду ээлей алды. Кошумчалай кетсек, мелдештин финалында үй ээси Орусия Беларусь курама командасын 2:0 эсебинде жеңип, алгачкы жолу 21 жашка чейинкилер арасында өткөн Шериктештик кубогунун жеңүүчүсү болуп калды.