29-январда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 36-эл аралык мелдеш аяктады. 3 күнгө созулган мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген 200дөн ашуун мушкер 8 салмак категориясында күч сынашты. Жыйынтыгында кыргыз мушкерлери жеңил салмакта мыктылыгын көргөзүп, 4 алтын медаль алса, оор салмакта бир да беттеш биздин пайдага чечилген жок.
Жеңүүчүлөр:
Асылбек Назаралиев (49, Кыргызстан),
Азат Үсөналиев (52, Кыргызстан),
Өмүрбек Малабеков (62, Кыргызстан),
Эрмек Сакенов (64, Кыргызстан),
Закир Сасулин (60, Казакстан),
Мейрим Нурсултанов (69, Казакстан),
Абдуязид Угурчиев (69, Кытай),
Арбек Абдуганиев (+91, Казакстан).