ЖАҢЫ ЖЫЛДАН БЕРИ ТЫНЧЫБАГАН БАТКЕН

1-февраль күнү кечинде “Баткенде атышуу болду” деген маалымат тарап, мындан улам депутат Камчыбек Ташиев “согушчандар басып кирген эмеспи” деген божомолун да айтып жиберди.

КОКУСТУКТАН ПАЙДА БОЛГОН АТЫШУУ
Атышуу Баткен облусунун Баткен шаарында “Асылбек” кафесинин алдында орун алып, кагылышуу жаш балдар менен СОБР кызматкерлеринин ортосунда жүрүп, анда бир адам октон жаракат алгандыгы маалым эле. Баткен шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Нуралы Бердишев ал жерде эч кандай уруш болбогонун, СОБРдун бир кызматкери кокустан өзүн атып алгандыгын билдирди. СОБР кызматкери эки жолдошу менен ошол күнү аңчылыкка чыгып, кайтып келе жатканда “Асылбек” кафесинде тамактанган. “Машинага отурарда аңчылык курал кокустан атылып кетип, кызматкер жарадар болгон”,- дейт ал.

БАБАНОВ БУРКАНОВДУ КЕТИРДИ
Баткен облусунда митингдер бир канча аптага созулду. Ал Өмүрбек Бабановдун жаңы жылдын алдында Андарак айылында болгон жаңжалдын алдын ала албагандыгы үчүн губернатор Арзыбек Буркановду иштен аларын билдирген соң башталган. Арзыбек Бурканов өз эрки менен эле жумуштан кетерин билдирген, бирок митингчилерге вице-премьер Жоомарт Оторбаев жана Аппарат жетекчиси Төрөгүл Беков жолукканда губернаторду өз кызматында калтырууну талап кылышкан. Бирок 27-январь күнү Арзыбек Буркановду губернаторлуктан бошотуу тууралуу премьер Өмүрбек Бабановдун жарлыгы чыкты. Учурда губернатордун кызматын убактылуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Разаков аткарууда. Турсунбай Бакир уулу укук органындагы адамды губернатор катары дайындалганын сындап, “биз эмне, согуш маалындабызбы?” деген суроо узатты.
Бул аптада Айдаркен айылында банк кызматкеринин бир тажик тарабынан өлтүрүлгөн окуясы да болуп өттү. Бул окуянын айынан бир нече тажик үй-бүлөлөрү убактылуу башка жайга көчүүгө аргасыз болушкан. Жаңы жылдан бери жаңылыктардан түшпөгөн Баткенге өкмөт өз убагында көңүл бөлбөсө, чырлардын очогуна айланып кетчүдөй болуп турат.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TolonturCN
2012-02-06 13:02:30
Дүйнө жүзүндө кичинекей мамлекет болсо, бир областагы кичинекей окуя чубалжып аягы үзүлбөй жүрө берсе, өкүмөт, бийлик курамындагылар эмне иш жасайтургандыр деген ой туулат экен.
0
Нукура кыргызка
2012-02-13 08:39:25
Бирин бири чукуп олтура бербей,ушундай нерселерге конул бурушса болмок....
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан