ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Мексика

ЧОЧКО ТУМООСУ МЕКСИКАНЫ КАПТООДО
"2012-жылдын башынан бери Мексикада 1,5 миң адам А(H1N1) вирусуна, башкача айтканда, чочко тумоосуна кабылышкан. Алардын ичинен каза тапкандардын саны 29га жетти",- деп өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Салом Черторивский билдирген. Анын айтымында, февраль-март айларында оорулуулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Бирок бийлик карантин киргизүү тууралуу чара көрө элек.
Эске салсак, бул тумоо биринчи жолу 2009-жылы пайда болгон. Анда 1,3 миң адам каза тапкан. Кошуна өлкөбүз Казакстанда да жакында эле бул ооруга үч адам чалдыгып, эки адам каза тапкан.


Өзбекстан

КАРИМОВ АКИМДЕРДИ КОРКУТТУ
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов облустук администрациялардын башчыларын айыл чарба тармагындагы милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жарга такады. Жадакалса алардын кызмат орундарынан кол жууп каларын баса белгиледи. "Дагы бир ирет кайталап коёюн, силер белгиленген милдеттерди аткарасыңар же орундарыңарды бошотосуңар. Башка нерсе тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес!"- деди өкүмдүү үн менен. Бул бир гана дан жана пахта өстүрүү боюнча коюлган талап эмес экенин, жер туура пайдаланылбаса жаза алышарын айтты. Өзбекстанда айыл чарба өндүрүшүндө пахтага басым жасалат. Бирок өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ак алтындын өндүрүшү азайып, 100 миллион доллар зыян алып келген.

Словакия

ЖЫЛАҢАЧ ДЕПУТАТ КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?
Словакиянын либералдык "Эркиндик жана тилектештик" партиясынын он жети эл өкүлү депутаттардын кол тийбестигине каршы сөз менен гана эмес, денелерин пайдалануу менен күрөшүүгө киришти. Алар бүт кийимдерин чечип, сүрөткө жылаңач түшүштү. Уяттуу жерлерин гана "Парламенттегилер өз иммунитетинен баш тартышсын" деп жазылган плакат менен жаап алышкан. Бул сүрөт интернет тармагынын бирине жүктөлгөн. Жылаңач депутаттардын 14ү эркек, 3өө аял. Мындай кадамды кээ бир словактар оригиналдуу аракет катары баалашса, кээ бирлери шайлоо алдында өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн жасалган иш катары баяндашууда. Бул партия көп жылдан бери аткаминерлердин санын кыскартуу жана депутаттардын кол тийбестигин алуу тууралуу маселелерди көтөрүп келет.


Египет

ТҮЗ ЭФИРДЕ АЛМАЗ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Түштүк Африка өлкөсүнөн Египетке мыйзамсыз жол менен алмаз алып келген эки адам Эль-Михвар телеканалынын түз эфири аркылуу асыл ташты мамлекетке тапшырды. Бул алмаздын жалпы суммасы 10 миллион долларды түзөт. "Мынча акчага бааланган алмаздын акчасын алып эле жыргап жашай берсе болмок..." деген суроолор жаады. Анда контрабандачылар бул өлкөгө Мустафа аттуу киши менен сүйлөшүп, 828 миң долларга баалашканын айтышкан. Бирок алар келгенден кийин Мустафа аттуу адам коркутуп-үркүтө баштаган. Анын эртеси күнү эле, 2011-жылдын 25-январында Египетте көтөрүлүш башталып кеткен. Ошондон улам "качан, ким өлтүрүп коёт экен?" деп коркуп жүрүп укук коргоочуларга барбай, түз эфирден чыгууну туура табышыптыр. "Укук коргоочулар акчага сатылып кеткен, алар алмазды алып, бизди түрмөдө чиритишмек",- дешет. Алар алмаздын ордуна баш паанек берүүнү суранышып, ойлору ишке ашты.

Европа

ТОҢУП ӨЛГӨНДӨРДҮН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ
1-февралга чейин бир аптанын ичинде Чыгыш Европада рекорддук сууктан улам 100дөн ашык адам каза тапкан. Бир эле Украинада 43 адам көз жумганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри кабарлайт. Алардын көбү үйсүз адамдар. Ошол эле учурда катуу суук уруп, 723 адам ооруканага жаткырылган. Мындай нерсенин алдын алуу максатында Украина бийлиги үйү жок адамдар жылынып алуусу үчүн 1700 пункт түздү. Ал эми Румынияда ызгаардуу сууктан 8 адам өлгөн. Польшада 30 градус суук, бул күндөрү 46 адам каза тапкан. Сербияда 3 адам каза таап, Болгарияда 25 градус сууктан 5 адам өз үйүнөн чыгып, бир канча чакырым алыстыкта тоңуп өлгөн.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
monchok
2012-02-07 19:37:18
Каримов кучтуу Президент сарттарга ошондой адам керек озу
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан