"Карындашым, кагылайын, мага бир жолук..." деген саптары бар ырды учурда жаш-кары дебей баары угушат. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деген наамдын талашсыз жеңүүчүсү, ырчы Аскат Мусабековдун бир тууган эжеси Манаева Айзат Мусабековна Аскаттын эл билбеген жоруктары тууралуу айтып берди.
Бир тууган Мусабековдор
Манаев Максат (фамилиялары чоң атасынын атында) – 30 жашта, фермер
Манаева Айзат – 28 жашта, PR-менеджер
Мусабеков Аскат – 26 жашта, ырчы
Мусабеков Самат – 20 жашта, студент
Мусабекова Нуршат – 19 жашта, студент
Мусабекова Айдай – 8 жашта, окучу
Аскат тууралуу кызыктар
“ҮНҮ КЫЖЫРДЫ КЕЛТИРЧҮ”
Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз. Аскат үчүнчүсү. Атам айыл өкмөтүндө иштечү, учурда мугалим. Апам болсо мектепте француз тилинен сабак берет. Биздин балалыгыбыз Ат-Башынын Ак-Моюн деген айылында өттү. Кичинесинен эле Аскаттын артисттик жөндөмү бар эле. Айрыкча кошуналарды көп туурачу. Алардын баскан-турганын, сүйлөгөнүн туураганда боорубуз эзилип калчу. Азыр балалык кезиндеги жоруктарын эстесем, ого эле көп. Оор басырыктуу көрүнгөнү менен, аябай тамашакөй.
Атам командировкага көп чыкчу да, дайыма бизге таттууларды ала келчү. Бир күнү Аскат эртең менен атамдын келгенин билип, таттууларын жеп тойгондон кийин "турбайсыңарбы, атам келиптир" деп бизди ойготуп жатпайбы. Биз такыр ишенген жокпуз "адатыңча алдап жатасың" деп. Кайра сыртка чыгып кеткен, бир маалда таттууларды көтөрүп келип "мына, мен жеп жатам го" деп бизге көрсөтүп жатпайбы. Ошондо гана ишенип, уйкудан көзүбүз ачылган. Тамашаласа деле ишенип, көп алданчубуз да. Анткени адамды ушундай ишендирип сүйлөйт дейсиң, аягы тамаша болуп чыга келет. Ошондуктан анын сөзүнүн чын-төгүнүн айырмалай албай калчу элек.
Өзү уйкучу болгону менен, жаңылыкты баарынан эрте угуп койчу. Анан да үнү аябай ичке эле да, чыйылдап ырдаганда ушундай жиниңди келтирет дейсиң. "И-ий, болду, ырдабачы" деп сурансаң, кыжырды кайнатып баягысын кайра баштачу.
Кооз идиштерге аябай жакын эле. Серванттагы идиштерди сындырып алып, кээде айтып, кээде "мен сындырган жокмун" деп танып туруп алмайы бар болчу. Ал "кылмыштарын" эми гана моюнга алып калат.
Кичинекей отургучтун капталына пианинонун сүрөтүн тартып, "Ямаха" деп жазып койгон. Атам "Кана, уулум, ырдап берчи" дегенде тура калып жакасынын топчусун чечип, столду жаткырып туруп жанагы сүрөттөгү "Ямаханы" баскылап ырдап кирчү.
“КЫЗЫ ДА АСКАТТЫН ЖОРУГУН КАЙТАЛАП...”
Эсимде, мурун атам айыл өкмөтүндө иштеп жүргөндө айылга жол салдырган. Ошол жакта иштеген бульдозер, эксковаторлорду биздин короонун сыртына токтотуп коюшар эле. Бир күнү Аскат бийик эксковаторго чыгып алып секирем деп мени коркутуп жатпайбы. Мен "секирбе, өлүп каласың!" деп ыйлап жатам. Ал андан да күчөп "мына, азыр секирем" деп даярданса, мен ыйлайм. Бирок анысы кайра эле тамаша болуп чыккан. Апамдар ошол окуяны азыркыга чейин айтып күлүшөт.
Жакында үйгө Аскаттын кызы келген болчу, ал дагы жыгач кашыкты кармап алып "колумду кесем" деп мени "шантаж" кылып жатпайбы. "Акуля, сен жакшы кызсың да, антпейсиң, ээ?" десем, "жок, кесем" деп көгөрүп алганын айтпа. Анын бул кылыгын көрүп аябай күлүп, "атасынан өткөн талант го" деп койдум.
Аскатка корообузда өскөн карагатты тердирип койчубуз. Апам экөөбүз отурсак, колу-башы кыпкызыл болуп алдыбызга келип сулап жатып калды. Апам экөөбүздүн жүрөгүбүз түшүп, "катуу жыгылган окшойт" деп коркуп кеткенбиз. Көрсө, карагатты колу-башына сыйпап алып бизди коркутуптур да.
“КОМУЗ ЧЕРТЕ БАШТАГАНДА АРТЫНАН ЭЭРЧИГЕН КЫЗДАР КӨБӨЙГӨН”
Мектепте окуп жүргөндө бою узун, арыгынан келген бала болчу. Эшиктеги иштерге караганда, үй иштерине жакын эле. Биздин үйдөн конок үзүлчү эмес. Конок тоскондо мен ашканада, улуу байкем казандын башында, Аскатты "бар, сен сулуусуң, келбетиң жакшы" деп тамашалап, коноктордун үстүнө киргизип койчубуз. Аскат аларга чай сунуп, ырдап, көңүлүн ачып отурчу. Дегеле адамдар менен бат тил табышат. Мен азыркыга чейин таң кала берем, ырдаганда үнү бийик, ал эми сүйлөгөндө аябай акырын сүйлөйт, кээде укпай да калам. Бул сылыктыгынын белгисиби, билбейм. Мектепте абдан активист болчу. Мындайча айтканда, ошондо эле "звёздный мальчик" эле да. Атамдын жардамы менен эки жакка көп чыгып, сынактарга катышып жүрдү. 7-класста өзү эле комуз черткенди үйрөнүп, кийин ага көз арткан кыздардын саны көбөйдү дейсиң. Кээде менин курбу кыздарым да көз салып калышчу.
“АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮСҮ ДА, СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫ ДА – ЗАЛИНА”
Аскат бир туугандарына аябай карамдуу, камкор, боорукер. Апам менен жакшы сырдашат. Чынында, сөз айткан кыздардын саны арбын болгону менен, аябай токтоо болчу. Анын сүйлөшкөн кызы да, алгачкы сүйүүсү да, аялы – Залина. Андан башка эч ким менен сүйлөшкөн жок. Студенттик күндөрүнүн азабын тартпады. Себеби экөөбүз чогуу турчубуз. 2-курстан баштап эле аш-тойлордо ырдап, өзүн багып калган. Кээде мага да жардам берип калар эле. Ырчылыкка жаңы аралашып келатканда костюмдарын көтөрүп эле жүрчүмүн. Аскат өзүн шоу-бизнеске аралаштыргысы келбейт. Ал фольклордук ырларды көп ырдагандыктан, өзүн ошол катмардын өкүлү катары эсептейт.
Лунара Бекиева
star@super.kg