Премьер-министр Өмүрбек Бабанов атайын кортежден баш тартты. Өкмөт башчы муну казынанын каражатын үнөмдөө максатында жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жасаганын айтып, башкаларга да ушундай кадамга барууну сунуштады. Эми мындан ары премьер-министр өткөндө жолдор жабылып, тыгындар пайда болбойт.
Самат Канатбек уулу, биолог:
– Бул туура эмес. Анткени жогорку бийликтегилер жөнөкөй адамдардан айырмаланып олуттуу маселелерди чечип, биздин кызыкчылыгыбызды коргошот. Ошондон улам аларды коргоого мамлекет кортеж берет эмеспи. Жакшы ишти бүтүрө электе өлтүрүп кетсе эмне болот?
Гүлмира Жолдошева, филармониянын ырчысы:
– Өлкө экономикалык кризиске кабылып отурганда премьердин кортежден баш тартканы, кичине болсо да жардам. Айдоочу жана жанында жүргөн жан сакчылары бирден эле болгону жакшы. Эки-үчөө болсо канчалаган чыгаша болот?
Эрмухаммед Мыктыбек, студент:
– Туура кадам. Кортеждин айынан көп адам жумушка, окууга кеч калат. Роза Отунбаева президент болуп турганда эртең менен саат 9да Манас проспектиси он мүнөткө жабылып, унаалардын тыгыны пайда болчу. Ошондон мен дайым окууга кеч калчумун. Азыр жол тосулганча жетип калайын деп 8де эле үйдөн чыгам.
Эльмира Жекшенова, үй кожойкеси:
– Муну жакшы кадам деп эсептейм. Бул казынадагы каражатты үнөмдөөгө жардам берет. Анткени бардык эле аткаминерлердин баскан-турганын, айдоочу, машина жана турак жайын мамлекет каржылап жатпайбы. Баары эле казынанын акчасын сарамжалдуу пайдаланса жакшы болмок.
Жолчу Толубаев, мугалим:
– Жакшы жөрөлгө. Анткени бийлик башындагылардын өзгөрүшү, астындагылардын да өзгөрүшүнө түрткү берип, өрнөк болот. Кээ бирлер өлтүрүп кетет дешет, бирок ал таза адам болсо, туура иштесе, ким кол салмак эле?
Элиза Жеңишбек кызы, студент:
– Мен көп жолу эртең менен кортеж өткөндө жол жабылганынан улам сабакка кеч калгам. Кечинде саат 6дан кийин бир саатка дейре жолду торогонуна да кезиккем.Аткаминерлер да эл катары жолдорду жаппай эле жүрүшсө жакшы болмок.
Азимбек Сайназаров, машыктыруучу: – Премьер-министр тартипти өзүнөн баштайын деп жатат, ошонун негизинде ушундай программаны кабыл алды.
Өнүккөн чет мамлекеттерде президент деле жөө же болбосо коомдук транспорттордо жүрөт. Мыйзамда өзү ошондой болуш керек.
Атыр Чүрөкова, мугалим:
– Жаштар министри мамлекет берген үйдөн жана автоунаадан баш тартты го. Ал "үйүм, машинам туруп ал машинаны, үйдү эмне кылам?" деди. Адам бир убакта беш унааны айдай албайт да. Бабановдун бардык шарты бар болуп турса, ага кортеждин эмне кереги бар?
Улукбек Карыбек уулу, студент: – Мамлекет үчүн иштегендердин баары кортежден баш тартышы керек. Анткени алар бай. Буга чейин эмне деген акчаларды жеп, эл менен эсептешкенин көргөнбүз. Өз напсилерин тартып, элди ойлоп Бабановдой кадамга баары барышы керек.
Турдугүл Каримова