Исмаил Исаков, ЖКнын депутаты:
“Марат Суталинов кайсы парашют менен түшүп калды? Чек арачылар аны “чек арадан өткөн жок” деп жашырып жатышат. Суталинов УКМК менен сүйлөшүп алган”.
Гүлнара Жамгырчиева, ЖКнын депутаты, ЖКнын жыйынында:
“Бизде митингдердин көбүндө акча таратылары эч кимге жашыруун эмес. Андыктан ыктыяры жок адамдарды чогултуп, акча менен митинг уюштургандарды жоопко тарталы”.
Камчыбек Ташиев, ЖКнын депутаты, Энергетика министри Аскарбек Шадиевге: “Эгер силер электр энергиясынын баасын көтөрүү менен 3-революция жасайбыз десеңер, биз силерге жардам беребиз”.