Пенсиянын көлөмү 11 пайызга көбөйө турганын Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абулгазиев билдирди. Бизге Абдиев Жайнак аттуу аксакал 70 жаштан кийин пенсияга кошумча төлөм кошуларын сурап кайрылган. 80 жаштан өткөндөргө гана ай сайын пенсиясына 100 сомдон,1932-жылга чейин төрөлгөндөрдүн пенсиясына 500 сомдун тегерегинде кошумча акча төлөө каралыптыр.
“Ар-намысчы” депутат Каныбек Иманалиев башында турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик протокол жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстанга келген чет элдик расмий коноктордун “Ата-Бейитке” гүлчамбар коюу каадасы мыйзамдаштырылат.
“Жогорку Кеңеште иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлөт”,- деп төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Москва шаарынын Өкмөтүнүн демилгеси менен Орусиянын борбор калаасынын Дружба паркында февральайында айкөл Манастын эстелиги орнотулат.
Өлкөнүн премьер-министри Өмүрбек Бабанов казинолор көмүскөгө кетип жатканынан улам аларды Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына көчүрүүнү сунуштады. “Ал жерге туристтер гана кире алышат. Чет өлкөлөрдө өз жарандары казинолорго кире алышпайт, биз да ушундай мыйзам кабыл алабыз. Туризм өнүксө, бюджеткежакшы пайда алып келет”,- дейт премьер.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erlan91
2012-02-06 13:36:37
ушу пенсияны инвалиттердикинда которуб койушса болот еле азыркы убакта бала кезинен инвалитер аран 2000 сом гана пенсия алышат ошода кееде дары дармегтне жетбей озулоруно да жетбей калат
0
Taalaibek
2012-02-06 14:33:29
казинону такыр эле жок кылыш керек эле. Баштаган ишти аяагына чейин чыгарбайсынарбы.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.