Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин өлкөдөн кеткенине 7 жылдын жүзү болду. Өзү чет өлкөгө кетсе да, артында “ардактуу академик” деген наамы калган. Мына ошонун негизинде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы 2005-жылдан баштап 2011-жылдын ноябрына дейре айына 8100 сомдон стипендия төлөп турган. Ай сайын төлөнүлүүчү стипендияны Майрам Акаеванын эжеси Санаткүл Жамакееванын алып жүргөнү да маалым болду. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын кодекси боюнча, өлкөдөн чыгып кеткен академиктерге стипендия төлөнбөйт. Ал эми Аскар Акаевдин укук коргоо органдардагы өкүлү, юрист Икрамидин Айткулов бул мыйзамдуу түрдө экенин билдирген. Анын айтымында, мындай чектөө ардактуу академиктерге тийиштүү эмес.