“Экс-президент Курманбек Бакиевдин үйлөрүн талап-тоногондорго үй, автоунаа жана жер тилкесин убада кылышкан”,- дейт 7-апрелдеги талап-тоноонун катышуучусу Айсулуу Дүйшенкулова. Ал 7-апрель күнү таанышы Абдулла Юсупов менен Бишкекте жолугуп, учурдагы депутат Райкан Төлөгөнов менен таанышып, анын буйругу менен тоноого өтүшкөнүн билдирди. Биринчи эле Горький көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевге таандык мекемени тоноого киришип, кийин Жибек Жолу проспектисиндеги үйүн талкалашканын айтат. “Табылган алтын менен Жаныш Бакиевдин үйүнөн алынган курал-жаракты Райкан алып кеткен”,- дейт Айсулуу. Мындан тышкары Мураталы ажы Жумановду Райкан Төлөгөновдун буйругу менен 20 чакты адам болуп барып, муфтийликтен түшүрүшкөнүн баяндайт. Ал эми Райкан Төлөгөнов мындай сөздөр каралоо ниетинде айтылып жатканын билдирди. “Бул аялды мен өмүрүмдө бир жолу да көргөн эмесмин. Айткандарынын баары жалган. Аны сотко берем”,-дейт депутат.