“Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, КСДПнын башчысы Чыныбай Турсунбеков пара берип, 66-70 миллион сомго "Ликёр-арак заводун" сатып алган. Ал эл көзүндөгү адам болгондуктан, чоң суммадагы сатып алуулары тууралуу эл билиши кажет экенин айтат. Камчыбек мырза “эгер Чыныбай мырзанын заводду сатып алганы жалган болсо, анда Жогорку Кеңеште расмий түрдө билдирсин да, мени сотко берсин” дейт. Ал эми Чыныбай Турсунбеков "бул – жалаа" дейт. “Бул так маалымат эмес, эгер Камчыбек Ташиев кечирим сураса, анда мен сотко бербейм. Азырынча жолуга элекмин”,- дейт ал.
Эске салсак, Бишкектеги “Ликёр-арак заводдун” 100 пайыздык акциясы 66 миллион 600 миң сомго сатылган. Анын баштапкы баасы 133 миллион сом деп белгиленип, негедир 50 пайызга арзан сатылган.