Орусиялыктар Кыргызстандан сыйлык катары 350 даана курал алышканын Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыкты. Сыйлыктар Орусия жарандарына Кыргызстандын укук коргоо органдарына материалдык жактан кошкон салымы үчүн ыйгарылгандыгы жана жалпы баасы 17 миллион долларды түзгөндүгү айтылат. Курал берүү туурасындагы күбөлүктөргө мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин колу коюлган. Бул иштер Орусиянын укук коргоо органдарында Решала каймана аты менен таанылган, Орусиянын Ички иштер министрлигинен 2007-жылы өз каалоосу менен кеткен Максим Каганский паракорчулукка шектелип, териштирүү иши жүрүп жаткан кезде ачыкка чыккан. Орусияда соттолуп жаткан бул адамдын өзүнө эле Кыргызстандан бир эмес, үч курал сыйга берилген.