БАЛАНЫ АТАЙЫЛАП ЭРТЕ ТӨРӨӨ ТУУРАБЫ?

Учурда адам баласы колунан келген да, келбеген да ишке кийлигишүүгө көндү. Мисалы, атайын медициналык каражаттардын жардамы менен кош бойлуу эне табигый толгоосу келбесе деле төрөт үйүнө барып, өзү каалаган күнү төрөп алууга болот экен. Албетте, алдын ала акушер менен сүйлөшүп алып. Мындай мисалдар азыркы күндө көп. Алардын бири жолдошунун туулган күнүн пландаса, бири атасынын, дагы бири апасынын туулган күнүн же өзү үчүн олуттуу болгон датаны тандап төрөшөт. Бул туурабы? Жок дегенде Жараткандын өкүмү, табияттан боло турган төрөлүүгө кийлигишпей койсок болбойбу? Мунун балага, энеге кандай пайдасы же зыяны бар? Мисал катары бир таанышымдын окуясын айта кетүүнү чечтим.
«Биринчи баламды табигый толгоо менен эле төрөгөм. Бирок экинчисин атайын өзүм пландаган күнү төрөп алдым. Врачтардын айтуусу боюнча, 15-марттарда төрөшүм мүмкүн эле. Муну укканда кубанган болчумун, анткени дал ошол күн тун уулумдун да туулган күнү. Ал күнү толгоом башталбаганынан күйөөм менен уулума сюрприз болсун деген ойдо төрөт үйүнө бардым. Врачтар менен сүйлөшүп, атайын толгоо чакырчу каражаттардын жардамы менен ошол күнү кечки саат ондор чамасында аман-эсен көз жарып алдым. Кызым жакында 1 жашка чыгат. Баары жайында»,- дейт ал.
Толгоону жасалма жол менен чакыруу, жатынды дарынын күчү менен ачуунун бир жолу ийне саюу болсо, дагы бири таблетканы тилдин астына салуу менен жүргүзүлөт экен.
«Бул ден соолукка байланыштуубу же адамдардын жеңил ойлуулугубу?» деген суроо жаралат. Бул маселени ар тараптуу карап көрүүнү чечтик...


«ӨПКӨСҮ ЖЕТИШЕРЛИК ӨӨРЧҮБӨЙ КАЛАТ»

Атайылап эрте төрөөдөн бала же эне зыян тартабы?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог:
– Кош бойлуу аялдын каалоосу менен дары же ийне саюунун жардамы аркылуу төрөтүү болсо да, бирин-экин эле болсо керек. Бирок мен андайды көрө элекмин. Бул, менимче, кутургандыкка жатат. Жаратылышка кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок да. Бала өзү жетилген күнү, жетилген саатта, өзүнүн каалоосу жана аракети менен төрөлөт. Анын үстүнө бала төрөлөргө жакын, акыркы күндөрү анын өпкөсү жакшы өөрчүйт. Энеси аны кайсы бир туулган күнгө карата эрте төрөп алса, өпкөсү жетишерлик өөрчүбөй калат да, өмүрүндө кыйынчылыктар төрөлбөй жатып пайда болот. Мунун кимге кереги бар?
Албетте, төрөт убагы келгенде деле толгоону күчөтүү үчүн атайын дарыларды берип же ийне сайган учурлар болот. Мисалы, кош бойлуу аялдын белгилүү бир себептерден улам каканагы жарылып, суусу агып, бирок толгоо келбей жатса, жардам бербеске айла жок. Бала кургап кетип, киндиги жабышып калышы мүмкүн. Азыр мурдагыдай толгоону күчөтүп, жатынды тез ачууга жардам берген уколдор колдонулбай калган. Протокол боюнча, биз толгоонун бышып-жетилип, баланын табигый жол менен төрөлүшүн күтөбүз.
Ал эми операцияны баланын же эненин өмүрүнө коркунуч туулган кезде жасайбыз. Мисалы, жакында эле менин карамагымдагы бир кош бойлууну 7 айга жетери менен операция жолу аркылуу төрөтүп алдык. Себеби ал келиндин жүрөгүндө бир эмес, үч тешиги бар экен. Мындан кийин төрөөгө келиндин ден соолугу жол бербейт деп ата-энесине эскертип жөнөттүк. Дагы биринин тубаса бир бөйрөгү гана бар экен. Аны да өзү кош бойлуу кезинде билип жатпайбы. 7 айга чейин абдан карап, анан төрөттүк. Баланын киндиги оролуп калса, энесинин көрүүсү начар болсо (ыйынганда кан тамырлары жарылып, көрүүсүн жоготуп алышы мүмкүн), кан басымы өтө жогору же төмөн болсо, баланы табигый жол менен төрөтүүгө мүмкүн эмес.


«АСТРОЛОГИЯ МЫНДАЙГА КАРШЫ»

Убагынан эрте төрөлгөн баланын астрологиялык белгиси жана мүнөзү кандай болот?

Светлана Погодина, астролог:
– Астрология мындайга каршы. Ааламдын өзүнүн мыйзамдары бар. Адам төрөлгөн күнкү планеталардын жайгашуусуна жараша мүнөз алат. Эгерде бала Бийкеч жылдызынын астында төрөлө турган болсо, аны атайын каражаттардын же операциянын жардамы менен эрте, Арстан белгисинин күнүндө төрөтүп алышса, ал баланын жылдыз белгиси Арстан болуп кала берет. Айта кетчү нерсе, бала кайсы күнү гана төрөлбөсүн, жаңыдан жарыкка келгенде ата-энесинин сүйүүсүн сезбесе, анын тагдыры жана мүнөзү татаал болуп калат.


«АЛЛАНЫН ИШИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙЛИ»

Бул маселе динде кандай каралат?

Равшан Эратов, ажы:
– Мындай үрөй учурган нерселер акыркы кезде күн санап көбөйүүдө. Кудай өзү жараткан нерселерге адам баласы кийлигишип, мажбурлап өзгөртүү – күнөө. Жеке инсандык кумарга дин жол бербейт. Өзү каалаган күнү атайылап төрөө – бир күндүк бакыт. Бирок табиятка каршылык кылуу болуп саналат. Төрөлүп жаткан баланын тагдырына да балта чапкандык. Андан тышкары мындай жол менен төрөлгөн балдардын дээрлик көпчүлүгүнүн башында «давлениеси» болот. Адам баласынын ден соолугуна зыяндуу нерсенин баары арам болуп саналат. Мисалы, нан – адал, анын күйүгү – арам. Себеби күйгөн нан ашказанга зыян.
Жарандарга айтарым, Алланын ишине кийлигишпейли, Жараткан өзү түйгөн түйүндү өзү чечсин!



Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баланы атайылап эрте төрөө туурабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
eduardali
2012-02-06 22:31:44
Адамдан амал качып кутулбайт деген чын экенда.
0
Asus84
2012-02-07 17:24:44
айланайын ужас ко
0
matazim
2012-02-07 21:59:30
эми ошол эле калды эле тобоо
0
nurik_aida
2012-02-08 01:37:05
Гулзина эже туура айтасыз,эрте тороп алган болбойт...7 айлык 8 айлык торолуп калган балдарды угуп келем.бирок алар акыл-эси кем жана опкосу жетишээрлик орчубой калышы мумкун негодный болуп.9 чу айда толгоосу келгенде тороп алган жакшы!..nurik_aida@mail.ru
0
Aijarkin
2012-02-10 13:17:44
Бир гана кудайымдан наристе кайсы куну жарыкка келээри
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан