“Талас-Бишкек” тасмасынан улам жүзү жарк этип таанылып калган Бегимай учурда бактылуу эне. Ажырашып кеткенине байланыштуу 3 жашар таттуу Айжамал аттуу ширин кызын жалгыз тарбиялап келет. Өзү тууралуу кенен сөздү маектешим өзү улантса...
ТУРАТБЕКОВА БЕГИМАЙ НУРЛАНОВНА
Туулган жылы, жери – 1990-жыл, Түп району.
Жылдызы – Суупери.
Фобиясы – Жер титирөө.
Мүнөзү – Боорукер, колу ачык, кээде стерва да болуп кетет.
Тартылган тасмалары – «Талас-Бишкек», жакында эле “Соолуган карек” аттуу кыска метраждуу тасмага тартылды.
Тартылган клиптери – Аскат Мусабековдун “Аруузатым”, Өктөм Сапар уулунун “Жолдор башка”, Данияр Эрматовдун «Махабатым» клиптери.
Учурда 2-курста экономист адистигине окуйт, актриса.
– Куш келипсиң, Бегимай. Кепти өзүң тууралуу баяндан баштай берсең болот.
– Рахмат, мен Ысык-Көл облусунун Түп айылынан болом. Ата-энем Бишкекте иштегендигине байланыштуу 1-класска чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Балыкчыга көчүп келип, ошол жакта окуп калдым. 7-классымдан таежемдин колуна келип, Бишкекте окуумду уланттым. Эсимде, чоңоюп калгычакты куурчак ойногон адатым бар эле. Оюнга алаксып окуума да көп көңүл бурбай калганымды атам байкап калса керек, бир күнү эле куурчактарымдын бардыгын чогултуп барып бакчага көмүп салса болобу. Ошол ошол болду, оюнчук ойногонум калып кетти.
– Бото көз сулуу кимдин кызы болду экен?
– Атамдын кесиби – эколог. Учурда Бишкекте нефти иштетүү боюнча чет элдик компанияда иштейт. Апам болсо – юрист, бирок азыр үйдүн юристтик иштерин аткарат дебейимби... Менден кийинки иним Кайрат мектеп окуучусу, сиңдилерим Айтегин, Айдеңиз бала бакчага барышат.
– Ким болом деп кыялданчу элең секелек кезиңде?
– Менин ким гана болгум келген жок, кыялдарым бат-баттан алмашып турчу. Скрипкачыдан тартып модель, эсепчи, дизайнер болгум келип, кыялдарым укмуш өзгөрдү го, чиркин.
– Ал эми кино дүйнөсү эмнеси менен тартып алды сени?
– Чынында, кино дүйнөсүнө мурун кызыкчу деле эмесмин, ойлогон да эмес экенмин, тартылып калам деп. Алгач “Талас-Бишкек” тасмасына режиcсёр Нурлан Разакулов тарабынан сунуш түшкөндө өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Азыр болсо кино чөйрөсүнө кызыгуум артып калды. Башкысы, ачык-чачык эпизоду бар сценарийлер болбосо эле тартыла берем.
– “Талас-Бишкек” тасмасы аркылуу таанылдың. Бирок экинчи бөлүгүндө сенин атың аталбай жатат да...
– Бул киного тартылып баштаганда эле экинчисине да катышам деп макулдашкан болчумун. Кийин экинчи бөлүгү менен таанышып чыксам, анда мен каалабаган кучакташкан сыяктуу эпизоддор бар экен. Азыр беш маал намаз окуйм. Ошондуктан сөз берип койсом да баш тартууга аргасыз болдум.
– Намаз окууга ким түрткү болду?
– Мектепте окуп жүргөндө жума намазга барып жүрчүмүн. Бара-бара кызыгуум артып, намаз китептерин сатып алып окуп, өз алдымча үйрөнө баштадым. Ал эми намазга жыгылганыма бир жылдай болуп калды.
– «Азамат Арыковду байкемдей көрүп, жакшы сүйлөшөм» дедиң эле...
– Азамат байкени сиздердин гезитиңиздерге чогуу чыккандан баштап билип баштадым. Андан мурун сырттан эле угуп калчумун. Экөөбүз «Фотороманга» тартылгандан тартып жакындан таанышып, сүйлөшө баштагам. Ага баштан эле байке катары мамиле кылдым. Андан жакын мамиледе болуу оюмда жок. Ошондуктан азыр сый мамиледе эле калганбыз. Көрүшкөн жерде учурашып дегендей...
– Өзүңө окшогон сулуу, таттуу кызың бар экен. Канча жашка чыгып калды?
– Кызым Айжамал 3 жашта. Көрүп турганыңыздай, өзүмө окшош, өзүм тарбиялап-чоңойтуп келе жатам. Менин эрмегим, чарчасам чарчоомду басар тумарым – кызым. Учурда бала бакчага барат. Балдыр тили бар, аябай шок. Башка кыздардай болуп оюнчук, куурчактарга көп кызыкпайт, негедир. Сотка, музыка дегендерге жакын.
– Бир жолу “Бегимайдын номерин бергилечи, 10 миң сомго болсо да сатып алам” деп бир жигит чалды эле. Дегеним, көз арткан жигиттерге кандай жооп бересиң?
– Мен эми буга күнөөлүү эмесмин да. Эч бир жигитке “повод” деле бербейм. Телефонума да чалуулар көп болот, бирок буга көңүл деле бөлбөйм. Бул турмушта ар кимдин баса турган өз жолу бар. Жүрөк көп эмес, бирөө гана да (күлүп). Кээде рулда баратсам тийишкен жигиттер болот. Аларга көңүл буруп, убактымды кетиргим келбейт.
– Машина демекчи, трассада “Шумахерсиңби” же жай эле жүрөсүңбү?
– Ылдамдыкты жакшы көрөм, “Шумахермин” десем болот. Бир жолу атамды машинага салып жумуштарым менен жүргөм. Мен рулда болгондуктан, эч нерсе сезилбейт да мага, атам деле унчуккан эмес. Үйгө жеткенден кийин дароо апама чалып, “сенин кызың менин жарым өмүрүмдү алып койду. Тим эле ызгытып, учуп кетчүдөй айдайт экен” дептир. МАИге кармалсам да, мени карап туруп же кинодон деп таанышат, же тигилип карап, “ии татынакай кыз экен, коё береличи, экинчи эрежени бузба, ээ?” деп кетирип жиберишет. Ушул кезге чейин такыр акча берип көрө элекмин.
– Редакцияга бир апа чалып, «уулум Бегимайга үйлөнүп, анын айынан оорукчан болуп калды» деп айткан болчу...
– Мен муну сизден биринчи жолу угуп жатам. Мындай да, ак көз, кара көз деген бар. Алдыңдан күлүп, артыңдан жамандап жүргөндөрдү көрүп деле жүрбөйбүзбү. Балким, мени көрө албагандардын кылганыдыр, балким, дагы бирөө жөн эле сөз чыгарып салгандыр. Аны мен билбейм да...
– «Курбум жок» деп айткан экенсиң. Эмнеге?
– Мурун бир курбум бар болчу, ага төгүлүп-чачылып сырларымды айтып жүргөн күндөрүм болгон. Бирок ал көрө албастык кылып сырымды элге төгүп салганын билип калып, зээним кейиди. Ошондон кийин гана кой, тынч эле жүрөйүнчү дедим. Азыр кызым менен алек болуп, курбу деле күтпөй калдым. Сырымды деле көрүнгөн адамга айта бербейм. Кээде гана көөдөнгө сыйбай калганда таежем менен сырдашып калам.
– Жашоодо өкүнгөн нерсең барбы?
– Жок, мен эч нерсеге өкүнбөйм. Ар бир күнгө каниет кылып, шүгүрчүлүк кылып жашаш керек.
– Ашканада Бегимай кандай болду экен?
– Түзүк элемин го, тамакты даамдуу кылып даярдоо колумдан келет. «Палоону жакшы жасайсың» деп мактап жеп калышат.
– “Супер-Инфонун” “Супер актриса” наамына талапкер болгонуңдан кабарың бар беле?
– Билгем. Кино дүйнөсүндө жаңы жүзмүн, келечегим алдыда. Мага салыштырмалуу көп киного тартылган актрисалар бар болчу тизмеде.
– Келбетиңе кантип кам көрөсүң?
– Мурун бассейнге барып турчумун, азыр ден соолугума байланыштуу токтотуп салдым. Учурда болсо жумасына 3 жолу спорт залга машыкканы барып турам.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg