“02.14” тобунун «мачосу» Жаннат учурда чыгармачыл “кризиске” кабылып жүргөн кези. Ал “ырдаганды биротоло эле таштасамбы же улантсамбы” деп эки анжы ойдо жүргөнүн билдирди. Буга жеке жашоосунда жана чыгармачылыгындагы өзгөрүүлөр себеп болуп жатыптыр. Аз убакыттын ичинде далай жүрөктөн орун тапкан Жаннаттын сахнадан кетишин күйөрмандары суз кабыл алары анык. Балким, ал “каатчылыктан” чыгып, кайра ойлонуп көрөр деген үмүттөбүз. Продюсери Мирлан Саткымбаевге Жаннатты сурап байланышканыбызда көңүл кош мамиле кылып койгон эле. Ким билет? Сыягы, “ырчы менен продюсердин келишпестиги” илдети буларга да жеткен окшойт.